Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

*** 1889 – жылы 13 - августта немис Фердиненд Вон Цепплин өз атын бере турган, учурулуп жана башкарыла турган шардын патентин алды.
*** 1905 - жылы 13 - августта Норвегия өткөрүлгөн референдум менен Швециядан бөлүндү. Өлкө даниялык принц Чарльздын Норвегия колору болуп жарыяланышы менен толук көз карандысыз королдук болду.
*** 1954 - жылы 13 - августта Пакистан улуттук маршы Пакистан радиосунда биринчи жолу аткарылды. 1947 - жылы англис колониясындагы Индиядан кандуу күрөштөн кийин бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаган Пакистан 1971 - жылы дагы бир бөлүнүүнү башынан өткөрдү жана бүгүнкү Бангладеш мамлекети ортого чыкты.
*** 1956 - жылы 13 - августта фантастика адабиятынын эки чоң жол башчыларынын бирөөсү болгон жана «Мезгилдин машинасы», «Дүйнөлөр согушу» сыяктуу белгилүү чыгармалардын жазуучусу англис журналист жана тарыхчы Герберт Уэллс каза болду.
*** 1961 - жылы 13 - августта Суук согуштун символу болуп саналган жана шаарды экиге бөлгөн «Берлин дубалынын» курулушу башталды. 46 километр узундуктагы Берлин дубалы шаардын чыгыш жана батышын 30 жыл бири биринен бөлдү.
*** 1966 – жылы 13 – августта Мао Цзэдун Кытайда маданият төңкөрүшүн жарыялады. 10 жылга созулган төңкөрүш камоо жана өлүм жазасы менен эсте калды.
*** 1987 - жылы 13 - августта АКШнын президенти Рональд Рейган Иран - Контра чыр – чатагындагы жоопкерчилигин кабыл алды. Чыр – чатак АКШнын Иранга мыйзам тышы жолдор менен курал сатуудан алынган кирешени Никарагуадагы социалист өкмөттү кулатууга аракет кылган анти - коммунист контр топторуна өткөрүлүшү менен ортого чыкты.