Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1249134
Тарыхта бүгүн

*** 1682 -  жылы 6 -  августта Осмондук жана Австрия-  Венгрия императорлуктарынын арасында 2-  Вена курчоосу менен жыйынтыктала турган согуш жарыяланды.

 

*** 1914 -  жылы 6 -  августта Биринчи Дүйнөлүк согушу жайыла баштады. Сербия, Германия, Австрия  - Венгрия императорлугу да Орусияга согуш жарыялады.

 

*** 1915 -  жылы 6 -  августта англис, Австралия жана Жаңы Зеландия аскерлери Чанаккаленин Анафарталар аймагында кургактыкка чыкты.

 

*** 1924 -  жылы 6 -  августта болсо Түркиянын курулушун жарыялаган Лозанна келишими ишке кирди.

 

*** 1926 – жылы 6 -  августта Гертруда Эдерле Ла Манш деңизин сүзүп өткөн биринчи аял болду.

 

*** 1945 -  жылы 6 -  августта  АКШ биринчи атом бомбасын Жапониянын Хиросимо шаарына атты, 80 миңге жакын киши каза болду. Жайылган радиация жол ачкан оорулар менен каза болгондордун саны 200 миңден ашты.

 

*** 1946 -  жылы 6 -  августта «Rocky» жана  “Rambo” сериалдары менен дүйнөгө белгилүү болгон актер Сильвестр Сталлоне Нью -  Йоркто төрөлдү.

 

*** 1997 -  жылы 6 -  августта Корея аба жолдоруна таандык Боинг 747 моделиндеги жүргүнчү учагы Гуам аралына конуу учурунда кырсыкка учурады; 228 киши каза болду.



Тектеш кабарлар