Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1246429
Тарыхта бүгүн

 

*** 1521 -  жылы 1 -  августта Осмон армиясы Белградды курчоого алды.

 

*** 1571 -  жылы 1 -  август күнү Лала Мустафа Пашанын башкы командирлигиндеги Осмон армиясы Венеция республикасына таандык Кипрды басып алды.

 

*** 1840 -  жылы 1 -  августта биринчи түркчө гезит «Жериде  -  и Хавадис» басыла баштады.

 

*** 1894 -  жылы 1 -  августта жапон императорлугу  Корея жарым аралын басып алуу үчүн Кытай менен согушка кирди.

 

*** 1902 -  жылы 1 -  августта болсо АКШ Панама каналынын укуктарын Франциядан сатып алып курулушун баштады.

 

*** 1914 -  жылы 1 -  августта Германия Орусия падышачылыгына согуш жарыялады.

 

*** 1936 -  жылы 1 -  августта Берлин олимпиадалары Адольф Гитлер да катышкан  азем менен ачылды. Америкалык кара атлет Жесси Оуэнс оюндарда төрт алтын медаль алып рекордго жетти.

 

*** 1950 -  жылы 1 -  август күнү Түркия НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылды.

 

*** 1975 -  жылы 1 -  августта Хельсинкиде адам укуктары келишимине 35 өлкөнүн катышуусу менен кол коюлду. АКШ менен Канада келишимге кол койгон жок.



Тектеш кабарлар