Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1240811
Тарыхта бүгүн

*** 1821 – жылы 23 -  июль күнү Пелопоннеса көтөрүлүшү учурунда Монемвасия шаарын басып алган гректер 3000 түрктү өлтүрүштү.

*** 1829 -  жылы 23 -  июлда Уильям Остин Берт көчүрүп жазуу машинкасынын алгачкы үлгүсү типографты чыгарды.

*** 1919 -  жылы 23 -  июлда Эрзурум Конгресси башталды. Мустафа Кемал Эрзурум Конгрессинин төрагасы болуп шайланды.

*** 1929 -  жылы 23 -  июлда Италияда фашисттик өкмөт чет элдик сөздөрдүн колдонулушуна тыюу салды.

*** 1939 -  жылы 23 -  июлда Хатай түрк өкмөтүнө өткөрүлдү.

*** 1952 -  жылы 23 -  июлда Египетте Жемал Абдүл Насыр лидерлигиндеги «Эркин офицерлер кыймылы» король Фарукту кулатып монархияны акырына чыгарды.

*** 1963 -  жылы 23 -  июль күнү Франция атомдук сыноолорун чектөө үчүн Москвада өткөрүлгөн «Сыноолорго тыюу салуу Келишимине» кошулууну четке какты.

*** 1983 -  жылы 23 – июлда  Шри Ланкадагы көпчүлүк болгон буддист 3000ге жакын тамилди кырып өлтүрдү. 400 000ге жакын тамил коңшу өлкөлөргө качышты. Окуя Шри Ланка тарыхына «Кара июль» деп өттү.



Тектеш кабарлар