Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

*** 1740 - жылы 11- июлда Погром: еврейлер Кичи Орусия башкача айтканда Украинага сүрүлдү.
*** 1895 - жылы 11 - июлда Огюст жана Луи Купитур бир туугандар фильм технологияларын илимпоздорго таанытышты.
*** 1962 - жылы 11 - июлда Атлантиканын ары жагына биринчи жолу спутниктин жардамы менен телекөрсөтүү берүүлөрүн ишке ашырды.
*** 1975 – жылы 11 - июлда Кытайдын мурунку борбор шаары Шианда 2000 жыл мурункусуна таандык чоподон жасалган чыныгы көлөмдө 6000 кишилик аскер табылды. Чоподон жасалган аскерлердин эч биринин башкасына окшобошу таң калтырат.
*** 1985 - жылы 11 - июлда 10 миң аял Эл аралык аялдар конференциясы үчүн Наиробиде чогулду.
*** 1995 - жылы 11 - июль күнү Босния кыргыны : Ратко Младичтин командирлигиндеги серб армиясы Босния Герцеговинадагы Сребреница аймагында жалпы 8000 бонякты өлтүргөн Сребреница кыргынын баштады.
*** 1996 – жылы 11 - июлда болсо Түрксат спутниги француз Гвинеясынан космоско учурулуп убактылуу орбитасына жайгашты.
*** 2000 – жылы 11 - июлда Сириянын мамлекет башчысы Хафыз Асаддын каза болушунан кийин бир гана талапкер Хафыз Асаддын уулу Башар Асад референдум менен мамлекет башчысы болуп шайланды.