Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1894 - жылы 10 - июлда Стамбулда 474 кишинин каза болушуна себеп болгон бир жер титирөө болду.
*** 1913 - жылы 10 - июлда Калифорниядагы өлүм капчыгайында ысыктык 56, 7 градус болуп өлчөлдү. Бул АКШда өлчөлгөн эң жогорку ысыктык градусу болду.
*** 1921 - жылы 10 - июль күнү грек армиясынын чабуулу менен Күтахя - Эскишехир согушу башталды.
***1947 - жылы 10 - июлда болсо Индиянын экиге бөлүнүшү менен түзүлгөн Пакистанда жалпы губернатор болуп Мухаммед Али Жиннах шайланды.
*** 1962 - жылы 10 - июлда АКШ континенттер аралык кабарлашууну түзө турган Телстар спутниги космоско учурулду.
*** 1971 - жылы 10 - июлда Марокко армиясынын кээ бир бөлүктөрү королдук режимине каршы төңкөрүшкө чыкты. Өлкөдө республика жарыяланды.
*** 1991 - жылы 10 - июлда Борис Ельцин Орусиянын президенти катары ишин баштады.