Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

*** 1936 - жылы 8 - июнда республика мезгилинде жумуш, жумушчу, жумуш бергендердин карым - катнаштарын иретке салган биринчи кенен масштабдуу мыйзам болгон «Жумуш мыйзамы» Түркия Улуттук Парламентинде кабыл алынды.
*** 1958 - жылы 8 - июнда болсо Стамбул Беязыт аянтында Кипрде жашаган түрктөрдүн жашоо укугу жана жасалган кысымдарга каршы чыгуу үчүн 300 миң киши катышкан «Же Таксим же өлүм» митинги өткөрүлдү.
*** 1985 - жылы 8 – июнь күнү Мустафа Кемал Ататүрктүн бакма кызы, республиканын биринчи тарых профессорлорунан болгон тарыхчы жана социолог Афет Инан дүйнөдөн кайтты.
*** 2010 - жылы 8 - июнда Измир жана райондорунда уюмдашкан аял дыйкандар Түркиянын «Аял дыйкандар биримдигин» түздү.
*** 1970 - жылы 8 - июнда болсо Муктаждыктар иерархиясы теориясы менен таанылган, америкалык психология профессору Абрахам Харолд Маслов каза болду.