Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

*** 1807 - жылы 25 - майда Осмон армиясындагы янычарлар 3 - Селим курган «Низам – ы Жедид» армиясына каршы Кабакчы Мустафанын лидерлигиндеги көтөрүлүштү баштаган.
*** 1895 - жылы 25 - майда «Межеллени» жазып ислам укугун бекем бир тил менен китепке айландырган түрк мамлекеттик ишмер жана илимпоз, тарыхчы, укукчу, акын Ахмет Жеват Паша дүйнөдөн кайтты.
***1963 - жылы 25 - майда болсо 32 Африка өлкөсү чогулуп Африка өлкөлөрүнүн арасында тилектештик жана кызматташууну арттыруу максатында Африка Биримдиги Уюмун курду.
***1983 - жылы 25 - май күнү түрк акыны, жазуучу жана ойчул Нежип Фазыл Кысакүрек Стамбулда каза болду.
*** 2003 - жылы 25 - майда тарыхында Кан кино фестивалында «Алыс» аттуу киносу менен чоң сыйлыкка ээ болгон Нури Билге Жейлан мындан беш жылдан кийин 2008 - жылы 25 - майда «Үч маймыл» киносу менен мыкты режиссер сыйлыгын алды. Жейлан үчүнчү жолу Канда сыйлык алып рекордго жетишти.