АКШ  -  Иран араздашуусу

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.

1206786
АКШ  -  Иран араздашуусу

 

Улуу ислам ойчулу Ибни Халдун мамлекеттерди адамдарга окшотот. Алар да адамдар сыяктуу жаралат, чоңойот жана өлөт. Осмондук ойчулу Катип Челеби да ушундай ойдо болгон. Чындыгында да өткөн күндөгү нечендеген чоң цивилизациялардын, мамлекеттердин убагы менен тарых сахнасынан чыккандыгын көрөбүз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.

Азыркы күндө да ушуга окшогон процесстерди жашап жатабыз. АКШнын экономикалык, технологиялык, саясий жана принциптик деңгээлде глобалдык конкуренцияда алдыга чыга турган  абалы жоктой көрүнүүдө. АКШнын бул тармактарда кайрадан глобалдык конкуренцияда алдыга чыгышы да күтүлбөйт. Ушул себептен  глобалдык кызматташууну улантуу үчүн ишке ашырып жаткан глобалдашууга каршы, түнттөшүүчү, экономикалык жана аскердик жактан кийлигишүүчү саясаттарын арттыруу менен улантууну каалай тургандыгын болжолдой билүү көзү ачыктык болбосо керек. Мындай коргоочу саясаттардын, жыгып  - кулатуучу жыйынтыктарынын болгондугун, бирок куруучу, тартипти иретке салган саясаттар жактан каралганда тийиштүү өлкөлөрдү глобалдык конкуренцияда алдыга чыгарбагандыгын тарых бизге көрсөтүүдө.

АКШнын араздашууларды арттыруучу, экономикалык же аскердик жактан кийлигишүүчү саясаттарын Кытай, батыштык өлкөлөр, Латын Америка өлкөлөрү, Түркия сыяктуу өлкөлөр менен бирге Иранга карата ашыкчасы менен арттыргандыгын көрүүдөбүз. АКШнын өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгышы, Иранга карата эмбарголор, Хүрмүз кысыгынын кайрадан аракетке өтүшү, бири бирине карата катуу билдирүүлөр күч алган араздашуунун так көрсөткүчү.

       АКШ Иранды өзөктүк курал өндүрбөшү үчүн дайыма эскертип жана коркутууда. Колдонулганда бир гана адамзаттын эле эмес, АКШнын Японияда кылганындай бардык жандуу түрлөрүнүн акырын алып келе турган куралдарга ээ болуу албетте кабыл алынбайт. Муну менен бирге Израиль, Индия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн өзөктүк куралдарга ээ болушу канчалык тынчсыздантуучу болгон болсо, Ирандын да өзөктүк куралдарга ээ болушу ошончолук тынчсызнатуучу абал. Аймакта өзгөчө Израиль ээ болгон жана колдонгон химиялык куралдарды көрбөстүккө салып бир гана Иранга жүктү артуу туруксуз мамиле болуудан башка Иранга легитимдүүлүктү алып келүүдө.

Иран экспансионизми

АКШнын коркутууларынын астында Ирандын аймакта жалгыз экендигин көрөбүз. Мунун эң негизги себеби Ирандын сектантыкка таянган экспансия саясаттары. Төрт өлкөнүн борбор шаары (Ирак, Йемен, Сирия, Ливан) текшерүүсү колубузда деген менен Иран жалгыз калды.

Иран менен империалист өлкөлөр окшош бир метод менен кыймыл кылууда. Өздөрүнө жакын чөйрөлөрдү көкүтүү менен алдыга чыгарып,  тийиштүү өлкө саясаттарына кийлигишүүдө.

Ирандын сектанттык жана экспансиялык саясаттары аймакта Израилден дагы көп тынчсыздануу жаратууда. Булуң өлкөлөрүнүн Израилге багытталган саясаттарга карай жылышынын маанилүү бир себеби Иран жүргүзгөн бул экспансия жана кийглигишүүчү саясат. Иран аймакта Израилге канчалык зыянын тийгизүүдө? Зыянын тийгизүүдөбү? Булар талкууланууга болот. Бирок Ирандын бул саясаттары мусулман өлкөлөрдөгү ыраатсыздыктын эң негизги себептеринин бирөөсү.

АКШнын кийлигишүүсү

Иран бир аз мурадараак  айтылган жана айтылбаган көптөгөн жактан сынга алына алат. Бирок Иран сыны АКШнын Иранга каршы саясаттарына, ыктымалдуу кийлигишүүсүнө эч кандай мыйзамдуулукту алып келбейт. Себеби АКШ адилеттик жактан карабай жатат. АКШнын Иран саясаты өз пайдасына таянып, 19 – 20 -  кылымдын негизги түшүнүгү болгон империализмдин бир каражаты катары форма алууда. Трамп башкаруусундагы АКШнын глобалдык саясаттарынын көрүнүшү, кыштак башкаруучусунун индеецтерге карата мамилесин ашыкчасы менен чагылдырууда.

Бир тараптан АКШ менен батыштык өлкөлөр тарабынан басып алынган өлкөлөрдүн эч бирине тынчтыктын келбегендигин билебиз. Аймактагы мындай кийлигишүүлөрдүн жыйынтыгында миллиондогон өлүм, кан, көз жашы жана ичинде орун алган оор жана туура эмес шарттардан улам террордук уюмдардын дагы көп кол салууларды жасаган бир чөйрө.

Ыктымалдуу кийлигишүүнүн жыйынтыктары

АКШ араздашууну жогорулатуу менен колун күчтөндүрүүнү,  Иранга шарттарын кабыл алдырууну каалашы мүмкүн. Андан мурда да көптөгөн жолу болгондой маселе катуу кагылышууга айланбашы мүмкүн. Бул араздашуу эч качан кагылышууга айланбайт деп ойлойбуз. Бирок шайлоодо жеңилүүнүн согушта жеңилүүдөн дагы оор болгон бир дйүнөдө катуу кагылышуу ыктымалын да ойлообуз керек. Башка өлкөлөрдөн кийин Ирандын да ыраатсыздаштырылгандыгы, Сирияга айландырылган бир Жакынкы Чыгышта эч нерсе мурункудай боло албайт. Жакынкы Чыгышта калган акыркы ырааттуулук, тынчтыктын калдыктары да  толугу менен жок болот. Жакынкы Чыгыш 1-  Дүйнөлүк согушунан кийин болгондой, империалист өлкөлөр ээлик кылган бир аймакка айланат. Түркия мындай абалдан, Сирия маселесинен чоң өлчөмдө тескери таасирленет. Бардык өлкөлөрдүн ийгиликсиз өлкөлөргө, булуң өлкөлөрүнүн да кукла башкарууларга айландырылган Жакынкы Чыгышта чоң Израиль долбоорунун алдында эч бир жалпылык калган жок демек. АКШнын Иранга карата кийлигишүүсүнүн Сирия маселесинде болгондой, Жакынкы Чыгышта да бир гана жеңишке жетишкени болот : АКШнын өзү да эмес, Израиль. Иран коркутууларына каршы АКШ менен бирдикте мамиле кылган, ал түгүл АКШны көкүткөн булуң өлкөлөрү Иран коркунучу жоюлгандан кийин өз башына эркин калтырыла турган эмес. Эгерде азыр да бир өлкө катары кала ала турган болсо эң көп Израиль жана АКШ кыпчуурунун ичинде болот.

Түркия эмне кыла алат?

Түркия аймактык маселелердин глобалдык актерлордун кийлигишүүсү менен чечиле албай тургандыгын, мындай кийлигишүүлөрдүн аймакта ыраатсыздыкты, кек жана жек көрүүнү дагы туруктуу абалга алып келгендигине, аймакты террор баткагына айландыргандыгына байланыштуу тажрыйбага ашыкчасы менен ээ. Ушул себептен жана адилеттик огу катары Түркия аймакка байланыштуу саясаттарында принциптүү бир мамилени көрсөтүүдө. Сирия, Египет, Ирак, Иран жана башка өлкөлөргө каршы мамилеси адилеттиктин ачык мисалы.

Түркия азыркы учурда принциптик мамилесин улантуу менен бирге өз келечегин онтологиялык жактан жакындан таасир бере турган, өлбөстүк маселесин жарата турган мындай бир кагылышууга тоскоол болуу үчүн дипломатиянын бардык элементтерин колдоно алат. Европа Биримдиги өлкөлөрү Кытай, Орусия жана Булуң өлкөлөрү менен ал түгүл АКШ жана Иран менен тыгыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен процесстин тынчтыкчыл  башкаруусуна салым кошо алат.

Түркия андан мурда Бразилия менен бирдикте Иран менен түзүлгөн келишимдин базисин түздү. Орусия менен өткөргөн сүйлөшүүлөр менен миллиндогон сириялыктын качкын абалга түшүшүнө тоскоол болду.

Индиядан баштап, Балкандарга, Африкадан Афганстанга Түркия дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө глобалдык тынчтыкка колдоо берүүдө. Глобалдык маселелерге принциптик мамиле менен жакындаган көптөгөн өлкө да калбагандыктан ошол эле учурда Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучусу катары Түркия Иран  - АКШ араздашуусунда да согушка тоскоол боло турган түрдүү араздашуунун да согушка тоскоол боло турган бардык аракетти сынап көрүшү керек.



Тектеш кабарлар