Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1877 - жылы 6 - май. Актарга каршы согушта жеңишке жетишүү менен таанылган индейцтердин белгилүү шефи Крази Хорсе АКШ бөлүктөрүнө Небраскада багынды.
*** 1927 - жылы 6 - майда Стамбул радиосу биринчи уктуруусун Сиркежидеги Чоң почта имаратынын астыңкы кабатында баштады. Ал кезде эч кимде радио алуучу болбогондуктан бул уктуруулар почта имаратынын каалгасынын үстүнө жайгаштырылган сүйлөгүч менен элге жарыяланды.
*** Дүйнөнүн эң чоң циплин болгон Хинденбург 1937 - жылы 6 - майда учкандан кыска убакыттан кийин күйүп кетти жана өрттөнүү менен жерге түштү. 36 киши каза болгон кырсыктан кийин циплин унаасынан баш тартылды.
*** 1994 - жылы 6 - майда Ла Манш деңизинин астынан Британия менен Францияны деңизден бири бирине байлануу менен Ла Манш туннели ачылды.
*** 2001 - жылы 6 - майда Папа 2 Иоанн Павел Сирия сапарынын негизинде Дамасктагы емеви мечитине барган биринчи папа болду.