Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1190703
Тарыхта бүгүн

 

*** 1521-  жылы 27 -  апрелде португалиялык моряк, саякатчы Фердинан Магеллан дүйнөнүн төрттөн үч бөлүгүн басып өткөндөн кийин Филиппиндерде Мактан аралында жергиликтүүлөр менен кирген кагылышууда өлтүрүлдү.

 

*** 1909 -  жылы 27 -  апрелде 2 -  Абдүлхамид 33 жыл падышачылыкты аткаргандан кийин тактыдан түшүрүлдү жана ордуна 5 -  Мехмед тактыга отурду.

*** Афганстандын мамлекет башчысы Мухаммед Давуд Хан менен өкмөтү 1978 -  жылы 27  - апрель күнү көптөгөн саатка созулган кагылышуулардан кийин кандуу сокку менен бийликтен түшүрүлдү.

*** 1979 -  жылы 27 -  апрелде Дүйнөлүк жана Олимпиада чемпиону түрк күрөшчү Желал Атик дүйнөдөн кайтты.

 

*** 1988 -  жылы 27 -  апрелде Кардиффте өткөрүлгөн Европа штанга чемпиондугунда биринчи жолу Түркиянын атынан эл аралык чемпиондукка катышкан Наим Сүлейманоглу дүйнөлүк рекордго жетишти жана үч алтын медалды багындырды.



Тектеш кабарлар