Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1185773
Тарыхта бүгүн

   

*** 1935 -  жылы 18 -  апрелде 12   - эл аралык аялдар конгресси Ататүрктүн коргоосу астында Стамбул Йылдыз сарайында чогулду. Конгрессте аял укуктары, теңдик, аялдарга экономикалык жана саясий тармакта жетерлик иш чаранын өткөрүлүшү сыяктуу темалар менен бирге расистик жана саламаттык сактоо боюнча маселелер да каралды. Бир топ түрдүү жерлерден аял укуктарын коргоочулары жолугушкан конгресске Индия, Египет, Франция, Румыния жана Австрия сыяктуу 30 өлкөдөн 210 өкүл катышкан.

*** 1946 -  жылы 18 -  апрелде Улуттар жамааты таркады. Азыркы күндөгү БУУнун пайдубалы болуп саналган бир уюм эле. Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийин Швейцарияда өлкөлөр арасында болушу мүмкүн болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүү максатында курулду. Бир канча убакыт иштеди бирок көп иш алып бара алган жок.

*** 1951 -  жылы 18 -  апрелде Париж келишимине кол коюлушу менен азыркы күндөгү Европа Биримдигинин пайдубалдарын түзө турган биринчи кадам болгон Европа көмүр жана болот коому түзүлдү.

*** 1954 – жылы 18 -  апрелде Египетте Жемал Абдүлнасыр сокку уруу менен королдук режимин акырына чыгарды.

*** 1955 -  жылы 18 -  апрелде немис илимпозу, Нобель физика сыйлыгынын ээси Альберт Эйнштейн дүйнөдөн кайтты. 20 -  кылымдын негизги  физикчиси катары көрсөтүлгөн Эйнштейн заманбап физиканын куруучусу катары да билинчү.

 

*** 1989 -  жылы 18 -  апрелде  Түркияда алгачкы жасалма уруктандыруу жолу менен жаралган бала Измирде  Эгей университетинин экстракорпоралдык уруктандыруу борборунда дүйнөгө келди.



Тектеш кабарлар