Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1861 – жылы 12 - апрелде Американдагы жарандык согушу Түштүк Каролинада чыкты. Согуштун акырында жалпы 620 миң киши каза болду.
*** Түрк тарыхынын биринчи булактардан иликтениши максатында Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн көрсөтмөсү менен 1931 - жылы 12 - апрелде Түрк Тарых Техникалык Жамааты курулду.
*** 1937 - жылы 12 - апрелде «Макбер» жана «Эшбер» сыяктуу чыгармалары менен таанылган түрк акыны, драматург жана дипломат Абдүлхак Хамид Тархан дүйнөдөн кайтты.
*** 1961 - жылы 12 - апрелде Советер союзу космоско биринчи кишини жиберди. «Восток – 1» менен космоско учкан космонавт Юрий Гагарин космосто 108 минута болду.
*** Кийинчерээк Ататүрк маданий борбору деген атты ала турган Стамбул маданият сарайы «Аида» операсы жана «Чешмебашы» балети менен 1969 - жылы 12 - апрелде ачылды.
*** 1981 - жылы 12 - апрелде алгачкы космостук спутниги «Колумбиа» учурулду. Спутниктеги эки космонавт космосто жүрүшкө чыкты.