Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-38

Азербайжан адабиятынан Бахтияр Вахабзаденин чыгармачылыгы

1180915
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-38

Урматтуу  китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызда сиздер үчүн азербайжан адабиятын тандап алдык. Бүгүн азербайжан адабиятынын белгилүү акын-жазуучусу, драматург жана илимпоз Бахтияр Вахабзаденин чыгармачылыгынан кеп салабыз.       

 Кадырлуу окурмандар, алгач жазуучу туурасында айта кетсек, Бахтияр Вахабзаде түрк дүйнөсүнүн таанымал улуу устаттарынын бири. Ал 1925-жылдын 16-августунда Азербайжандын Шеки аттуу шаарында төрөлгөн. 1934-жылы үй-бүлөсү менен борбор калаа Бакуга көчүшөт. 1942-жылы Баку университетинин филологиялык бөлүмүнө тапшырып, ал жерди 1947-жылы аяктайт. Ошол эле бөлүмдө мугалим болуп иштеп, 1964-жылы доктордук илимий ишин жактайт. 1980-жылы Азербайжан Илимдер Академиясына мүчө болуп кабыл алынат. Ал 2001-жылы пенсияга кеткенге чейин университетте лексия окуган жана бир топ жаш илимпоздорду тарбиялап чыгарган.

                            Жазуучунун алгачкы ырлары мектеп жылдарында, 2-дүйнөлүк согуштун күчөп турган учурунда жазылып, ырларынын темасында адамдын аруулук, жөнөкөйлүк жана чынчылдык табияты сүрөттөлгөн.

                            Ал эми чыгармачылыгынын экинчи доору – дүйнө жүзү жана адамзаты үчүн философиялык ойду камтыган “Инсан жана убакыт”, “Мен жана дүйнө” сыяктуу ырлары менен элге таанылат.

                            Жазуучунун ийгилик тооруп турган үчүнчү доору, 1980-жылдарда башталат. Анын жазган дастан, драма жана башка ырларында бул жолу адамдын “өздүгүн” чагылдырган. Мисалга алсак, “Өзүм менен өзүм”, “Өзүмдү түшүндүрөм”, “Шейиттер”, “Экинчи үн”, “Сүрөт” сыяктуу маанилүү чыгармалары жаралган.

                  Ыр менен бирге илимий изилдөөлөрдү жана котормолорду да ала жүргөн Бахтияр Вахабзаденин бир топ адабий чыгармалары чет тилдерге которулган.

                  Вахабзаде 1960-жылдарда башталган эркиндик кыймылынын баштоочуларынан болуп эсептелет. Бул темада жазылган “Гүлистан” аттуу ырында, саясий себептерден улам Азербайжандын  Иран менен СССРге бөлүнгөн учурдагы элинин кайгы-муңунун үнүн дүйнөгө жеткирген. Ушул себептен улам, 1962-жылы акын “улутчул” атанып университеттен эки жылга алыстатылган. Бул ыры Алтынбек Исмаилов тарабынан кыргыз тилине да которулуп жарыяланган. Акын чыгармачылыгын токтотпой эркиндик жөнүндөгү ырларын жашырып чыгып чет элде жарыялай баштаган.

                  Вахабзаденин түрк адабияты жана Түркия менен тыгыз байланышы башка түрк дүйнөсүн жакындан таанууга мүмкүнчүлүк берген. Ал ырларын жана башка чыгармаларын азербайжан тилинде жазып, эне тилин таза колдоно билген. Элинин жан дүйнөсүнүн жаңырыгы болгон жазуучу Вахабзаде, азыр Азербайжан Эл Акыны наамы менен таанымал. Саясий себептерден улам кай бир чыгармалары үчүн түрмөгө жатып чыкса да, элге жана адабиятка жасаган кызматынан улам Советтер Союзу тарабынан бир топ жолу мамлекеттик сыйлык жана ордендерди алган.    

SİNYALБахтияр Вахабзадени – элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатыр десек жаңылышпайбыз. Талыкпас эмгеги менен Түркия булактары боюнча анын кырк ыр китеби, ал эми Азербайжан булактары боюнча жетимиш ыр китеби басылып чыккан. Мындан сырткары он бир илимий чыгармасы,  эки монографиясы, ар түрдүү темадагы пъесалары жана жүзгө жакын макалалары жарыяланган. Чыгармалары негизинен эркиндик, ата мекен сүйүүсү жана диний темаларда жазылган. Эли үчүн өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген Вахабзаде, 1974-жылы “Ийгилик жараткан санатчы” ордени, 1975-жылы өкмөт сыйлыгы, 1984-жылы Советтер Союзунун Мамлекеттик ордени менен сыйланган. Ал 1980-2000-жырдары аралыгында беш жолу депутат болуп шайланган. Вахабзаде 2009-жылдын февраль айында борбор калаа Бакудагы үйүндө жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал жалгыз гана Азербайжан элинде эле эмес жамы түрк дүйнөсүнүн жылдызы болуп жанат. 20-кылымдын көркөм-өнөр санатчысы, эл акыны катары ар дайым элинин жүрөгүндө сакталып калмакчы. Анын чыгармалары, ыр китептери, драмалары жана башка илимий эмгектери англисчеге, французчага, немисчеге, перс, поляк, испан, венгр, орус тилдерине жана түрк тилдеринен түркчө, кыргызча, казакча, өзбекче сыяктуу бир топ тилдерге которулган. Муну менен акындын чыгармаларынын канчалык даражада маанилүү экенин да көрүүгө болот.  

Урматтуу китеп күйөрмандары, Азербайжан элинин акын-жазуучусу Бахтияр Вахабзаденин чыгармачылыгы менен тааныштыңыздар. Акындын эмгектерин окуу үчүн түрк тилдери жана орус тили булактарынан пайдаланууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар