Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1905 - жылы 11 - апрелде Эйнштейн убакыт, жер жана кыймылдын бири бири менен байланыштуу окуялар экендигин камтыган теориясын билдирди.
***Социалдык адилеттикти жана социалдык тынчтыкты түзүү максатында 1919 - жылы 11 - апрелде Эл аралык эмгек уюму түзүлдү.
*** Түркияда аялдарга муниципалдык шайлоодо шайлоо жана шайлануу укугунун берилиши менен 1930 - жылы 11 - апрелде Түрк Аялдар Биримдиги Султанахмет аянтында «Аялдардын чоң жүрүшүнө» чыгып ээ болгон укуктарын куттукташты.
*** 1911 – жылы «Дүйнө чемпиону» деп жарыяланган түрк күрөшчү Куртдерели Мехмет Пехливан 1939 - жылы 11 - апрелде каза тапты.
*** 1997 - жылы 11 - апрелде «Ататүрк эл аралык тынчтык» сыйлыгынын Боснияда кызмат кылган Түрк Тынчтык Күчүнө берилишине чечим чыгарылды.
*** Италияда 43 жылдан бери дайынсыз жоголгон белгилүү мафия Бернардо Провензано 2006 - жылы 11 - апрелде Корлеон айылында бир коргоочусу менен тамактанып жатканда кармалды.