Руанда геноциди

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн тема тууралуу баа берүүсү.

1180463
Руанда геноциди

БУУнун 1948 -  жылдагы геноцид кылмышына тоскоол болуу жана жазаландырылышы келишимине караганда улуттук, этникалык же диний бир группанын бир бөлүгүн же баарын толугу менен жок кылуу максатында иштелген кылмыштардын бири геноцид кылмышын түзөт. Бул кыймылдар төмөнкүлөр болуп саналат : группага мүчө болгондордун өлтүрүлүшү, группага мүчө кишилерге олуттуу түрдө физиологиялык жактан же акыл – эсине зыян берүү; группадан толугу менен же бир бөлүгү менен байланышын үзөрү эсепке алынуу менен турмуш шарттарынын өзгөртүлүшү; группанын ичинде төрөттөргө тоскоол болуу максатында чаралардын көрүлүшү; группага мүчө балдардын мажбур түрдө башка группага өткөрүлүшү.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн тема тууралуу баа берүүсү.

Негизинен 1944 -  жылы польшалык бир еврей Рапхаел Лемкин фашисттик Германиянын еврейлерге карата системалуу түрдө жок кылуу планын аныктоого аракет кылганга чейин литературада кыргын деген бир түшүнүк болгон эмес. Лемкин раса деген мааниге келген грекче «geno» сөзүн өлтүрүү деген маанидеги латынча “cide” деген сөз менен бириктирип «геносид» (кыргын) түшүнүгүн биринчи жолу колдонот. Бул түшүнүк негизинен кээ бир батыштык мамлекеттер кылган адамзаттык тышы кыймылдар үчүн чыгарылгандыгына карабастан бул мамлекеттер тарабынан эң көп батыш тышындагы өлкөлөр үчүн колдонулууда. Бул жумада Францияда бир комиссия түзүүгө аракет кылуу кыймылы менен Руанда кыргынынан сөз кылууну эп көрдүм. Руанда кыргыны Босниядан мурда болгон адамзат тарыхындагы эң чоң кыргын.

Тарыхый арткы план: Бельгиядан да ошол эле классика: «бөл, башкар»

Руанданын тарыхы негизинен колонияга алынган башка көптөгөн мамлекеттин тарыхынан башкача эмес. Биринчи болуп Германия тарабынан колонияга алынат. Немистердин 1 -  Дүйнөлүк согушунда жеңилүүгө учурушы менен Руанданы Бельгия басып алат.

Руанданын колонияга алынуу методу да башкаларынан айырмасы жок эле. Бельгиянын Руандада кылганы Британиянын «бөл, башкар» саясатынын башка бир версиясы. Бельгия да империалык башка көптөгөн өлкө мисалында болгондой империалык тартип үчүн азчылыктарды колдоо саясатын жүргүзөт. Ушул максатта Германия баштаган көпчүлүк болгон хутуларга каршы тутсилерге таянуу стратегиясын жана тутсилердин баш сөөгүнө караганда үстөмдүк кылгандыгы тууралуу көз карашын улантат. Ушундайча андан мурдагы кылымдарда тынчтык ичинде, жанаша жашаган тутси жана хуту урууларынын арасында келишпестик пайда болот.

Бельгиянын бул «бөл, башкар» саясатынын жыйынтыгы өлкө көз карандысыздыгын алганга чейин азчылык болгон тутсилер тарабынан кыйын жана кысым астында башкарылат. Руанда 1961 -  жылы көз карандысыздыгына жетишкенде болсо башкаруу хутулардын колуна өтөт. 1950 -  жылдардан кийин Бельгия хутуларды колдой баштайт. Бул жолу көптөгөн жылдардан бери эзилүүчүлүк менен келген хутулар өздөрүнө жасалгандарды тутсилерге жасашты.

 

1994 -  жыл 1  миллион кыргын...

Азчылык болгон тутсилер жана көпчүлүк болгон хутулардын арасындагы араздашуу жана кагылышуулар 1994 -  жылга чейин улантылат. 1994 -  жылы хуту болгон мамлекет башчысы Хабяримана тутсилер менен тынчтык сүйлөшүү столуна отурду. Келишим түзүлөт. Келишимдерине караганда тутсилер да өлкө башкаруусуна катышып жана сөз ээси болушмак. Бирок Хабяримананын учагы атылып, өзү өлтүрүлөт. Мамлекет башчысынын өлтүрүлүшүнөн тутсилерди жооптуу деген хутулар коркунучтуу бир кыргынга киришет. Жүз күндө бир миллионго жакын тутси жана хуту кырылат. Бул күндө орточо 10 миң кишинин кырылышы демек. Мамлекеттик кызматкерлер жана алардын жазгандары да колдоо берген кыргында куралдары болбогондугу үчүн радикал хутулар акчалар менен жүз миңдеген кишини кырып, өрттөп, аялдарды зордукташат. Бельгиянын  бөлүп – жаруусу үчүн тутси жана хуту катары күбөлүк карттары, тутсилердин дагы оңой аныкталып өлтүрүлүшүнүн арачысы болот. Кыргын 100 күндөн кийин тутсилер түзгөн Руанда мекен сүйүүчүлөр фронтунун борбор шаарга кириши менен акырына чыгат.

Күнөөсүз кишилерди коргоонун ордуна аскерлерин чыгарган  БУУ

Кыргын башталганда өлкөдө  2500 БУУнун тынчтык күчү аскери болгон. Кыргын учурунда тутсилердин бир гана баш калкалоочу жери БУУнун тынчтык күчү болгон. Бирок БУУнун тынчтык күчүнүн берген жообу 1995 -  жылы Босниядагыдан, Сребреницадагыдан башка болбойт. БУУнун Коопсуздук Кеңеши чыгарган чечим менен 2500 болгон аскер санын 250гө түшүрөт. Сребреницада да шаарды коргоо менен милдеттүү болгон нидерландиялык БУУнун тынчтык күчү командири Том Карреманстын өзүнө баш калкалаган 25 миң кишини жана шаарды сербдерге тапшырганы сыяктуу.

Франциянын ролу...

Руанданын малекет башчысы болгон Кагаме Франция жана Бельгияны кыргындын түздөн түз саясий даярдоочулары катары күнөөлөп жатат. Кыргынга дуушар болгондор  Франция жана Бельгияда бул өлкө жетекчилерине каршы доо ачышты.

Руандадагы католик чиркөөсү чиркөөнүн кыргында  ойногон ролунан улам руандалыктардан кечирим сурап жатат. Руанда улуттук кыргын менен күрөшүү комиссиясы 2016 -  жылы «кыргын кылмышынын аткаруучусу жана кызматташуучусу» деген негиз менен араларында башкы штабдын төрагасы Жак Ланксаде да болгон жогорку чиндүү 22 француз офицердин атын билдирет. Француз офицерлер кыргын кылгандарды машыктыруу жана аларга курал берүү менен күнөөлөнүүдө.

Франция 1994 -  жылы 23 -  июнда өлкөнүн түштүк батышында баш калкалоочулар үчүн коопсуз аймакты түзүү максатында операция баштайт. Бирок Франция кыргынга тоскоол болуунун ордуна кыргын кылгандарга курал жана ок  - дары берип Руанда мекен сүйүүчүлөр фронтунун алдыга жылышына тоскоол болот. Француз журналист Saint-Exupery  хутуларды куралдандыруу жолдомосунун мезгилдин президенти Франсуа Миттеррандын  башкы башкы катчысы Хуберт Ведриненин  жазуу түрүндөгү буйругу менен  берилгендигин ортого салууда. Франциянын мурунку президенти Франсуа Миттеран Ле Фигаро гезитине 1998 -  жылы берген бир маегиндеги сөзү болсо коркунучтуу эле:  «Ал өлкөлөрдө бир кыргындын болушу анчалык маанилүү эмес».

Эл аралык каршы чыгуулар жана адам укуктарынын сынга алынышы менен 25 жылдан кийин акырында Макрон 2019 -  жылдын апрелинде кыргынга байланыштуу комиссия куруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу тарапсыз байкоочулардын адистерден эмес, Франция тарабынан «ылайыктуу» көрүлгөн ысымдардын курулган комиссияга алынгандыгы тууралуу сындар айтылууда. Бельгия менен Франция күнөөлөнгөн Руанда кыргыны 25 жыл мурда эле. Брентон Тарранттын жума намазында 50 мусулманды өлтүрүшү болсо өткөн айда болгон. Көпчүлүк учурда империализмдин тарыхта калгандыгын, Таррантизм катары атаган ак расисттик террордун насисизмдин бир түрүнүн эми жок болгондугун ойлой алабыз. Мындай ойлонуу балким да адам болуубуздун бир чындыгы. Мындай ырайымсыздыктардын тарыхта калышын каалайбыз. Бирок биз канчалык унутсак унуталы, империалист  ниеттер өлүмчүл идеологиялардын  максаттары жап жаңы бойдон. Муну бизге дайыма эскертишүүдө. Бүгүн кечээкиден дагы көп кан төгүлүшү мүмкүн болгон бир техникалык жабдуулар бар. Биз адамзаттык үй  - бүлөсү катары ырайымсыздык батыштан чыкканда кечээкиден дагы аз көрүү жана каршы чыгуу кыймылына ээ болобуз.



Тектеш кабарлар