Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-36

Ногой адабиятынан Иса Капаевдин “Керавыз” аңгемеси.

1178038
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-36

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышын ногой адабиятына арнайбыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда ногой адабиятынын тарыхынан жана ногой элинин белгилүү жазуучусу Иса Капаевдин чыгармачылыгынан кеп салабыз.

               Кадырлуу окурмандар, ногой эли түндүк Кавказ аймагын мекендешет. Бирок, Россия Федерациясына караган Карачай, Ставрополь жана Дагестан сыяктуу кеңири аймакка тарап жашагандарын көрүүгө болот. Тарыхта улуу мамлекеттерди курган ногой элинин учурдагы саны өтө эле аз. Тарыхтан бери келген оозеки чыгармаларга бай бул элде элдик эпос, дастан, жомок, макал-лакап жана ырлардын мисалдарын көп жолуктурууга болот. Эски замандарда ыр түрүндө чыгармаларга маани берилген болсо, учурдагы адабияттарында кара сөз түрүндөгү чыгармалар дээрлик басымдуу. Сексениничи жылдарда ногой адабий дүйнөсүнө кошулган белгилүү жазуучу Иса Капаев дагы чыгармаларын кара сөз түрүндө жазган. Иса Капаевдин атасы ногой элине таанымал Сүйүн Капаев аттуу чоң акын болгон.  Атасынан жана башка ногой жазуучуларынан айырмаланып, Иса Капаев алгачкы чыгармасын аңгемеден баштаган. Жазуучу Карачай-Черкес аймагындагы Эркин-Юрт айылында жарык дү   йнөгө келген. 1975-жылы Горький атындагы институтту аяктайт. Алгачкы аңгемесин 1969-жылы жарыялайт. Ал чыгармаларын өз эне тилинде жана орусча жазган. Ногой элинин жашоо-шартын мыкты билген жазуучу, чыгармаларында адам менен жаратылыштын байланышын, элинин дүйнө таанымын жана адеп-ахлак тууралуу темаларды жакшы анализдеп жазган. Капаев 1975-жылы “Куржун”, “Бердазы” аттуу кийинки повесттерин жарыялаган. 1977-жылы “Ушундай балдар бар” аңгемесин орус тилинде жазат. 1982-жылы алгачкы “Вокзал” романы жарык көрөт. Капаевдин “Кара баатыр”, “Наконец-то”, “Болбогон Самантой”, “Алтын шыбын”, “Ушундай балдар бар”, “Комузчу” аттуу повесттеринде айылдын жашоосун сүрөттөп берсе, “Вокзал”, “Дүйнө сенин көздөрүңдө”, “Реклама” сыяктуу чыгармаларында шаардын жашоосун баяндап берет.    

Жазуучу 1990-жылдары публицистика жанрына көбүрөөк көңүл бөлөт. Ал ногойлордун орус тилинде жарык көргөн “Половецкая луна” аттуу журналынын башкы редактору болуп иштеген. 2000-жылы Капаевдин “Сүзүлгөн көлөкө” аттуу тарыхый чыгармасы жарыяланып, окурмандарынын көңүлүнөн түнөк тапкан. Жазуучунун чыгармалары казак, каракалпак, түрк, поляк жана орус тилдерине которулуп окулуп келет. Ногой элине сиңирген эл жазуучусу Иса Капаев – Островский атындагы бүткүл союздук адабий сынактын ээси, Алиев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон. Карачай-Черкес эл жазуучусу наамын алган Капаев Россиянын жогорку мамлекеттик сыйлыгына татыган. Анын аты “Россиянын мыкты инсандары” аттуу жылдык энциклопедиясына жазылган.     

          Иса Капаевдин “Керавыз” аттуу аңгемесине ат күлүгү тулпардын баяны десек болот. Чыгарма жетимиш жашка таянып калган Алибий карыянын эскерүүлөрүнөн куралат. Ал ар дайым таң саардан айылдын чет жагындагы ат баккан сарайга келер эле. Сарай четиндеги жакшы көргөн кара ташка отуруп, кино көрүүчү сыяктуу аттарды күндөгүдөй көз алдында тизмектей баштайт. Бул адат кеч курун да кайталанаар эле. Айыл эли бул көрүнүшкө көнүп бүтүшкөн. Көп деле кеп кылышпайт. Анткени азыркы жаштардын көңүлү темир атка - машинага бурулган. Ногой эли үчүн жылкы тукуму ар качан улук болуп келген. Эгер качандыр бир кездеги, ошол күнкү окуя болбогондо, Алибий карыя ата салтын улап аттын оюн жооруган мыкты саяпкер болмок эле. Азыр деле ат тууралуу айыл ичинде бул карыядан ашып түшүп билген эч ким жок. Кала берсе жылкы тууралуу билгендер ногой элинин ичинен деле чамалуулары болсо керек. Алибий карыянын атка болгон ышкысы анын балалык чагынан эле башталган. Атасы жылкычы болуп Балта мырзанын жанында иштээр эле. Алибий он эки жашынан атасынын жанында жүрүп жылкы мүнөзүн таанып билген. Он төрт жашына келгенде ат тууралуу бардык нерсени жаттап бүткөн. Күндөрдүн биринде кулундун жакшысы туулат. Атасы бир карап күлүк болорун баамдап баласына тапшырат. Кулундун тумшугу кара, тулкусу боз болгон үчүн “кер ооз” деп аташат. Кулун тай болуп жетилип, үйрөтүлүп эл купулуна толуп турган учурунда Саман той башталат. Күзүндө башталган жыйым-теримден кийинки өткөрүлчү бул Саман тойдо сөссүз ат чабылчу эле. Балта мырза бул ат чабышта Кер ооз тайды Алибийге чаптырат. Атка ишенип көп пулун чачкан Балта мырза Кер ооздун биринчи келээринен күмөнү жок эле. Алибий да биринчи жолу ат жарышка түшүп атканы менен Кер оозду кулун чагынан жакшы тааныган үчүн көңүлү ток болчу. Ошентип көптөн күткөн ат чабыш башталып, тизилген тулпарлар жел сыяктуу сызып жөнөдү. Атасынын айткан кеңештерин эске сактап, ооздукту кое бербей бир салмакта бара жатты. Марага жакын калганда гана тулпарды өз эркине кое берди. Мына ошондо ортодо келе жаткан Кер ооз тулпар ок сыяктуу атырылып аттарды бир-бирден озуп чыга берди. Бирок кара мүртөз астыдагы боз аттын чабарманы Кер оозго баш талаштыра камчы салат. Мындай митайымдыкты билген атасы баласына эскерткен болчу. Бирок биринчи жолу ат чабышка чыккан Алибий мындай карасанатайлыкты жаштык кылып көз жаздымда калтырган. Көрсө астыдагы эки чабарман сүйлөшүп алгандай, бири жол тооруп бири марага жетмек экен. Чочуган тулпар аз жерден мүдүрүлүп кете жаздап аран оңолот. Убакыттан уттуруп ушундай айла менен кара ат биринчи келет. Ызасына чыдабаган Алибий аттан ыргып түшүп боз аттын чабарманына камчы салып жиберет. Ансыз дагы утулганына ызаланып отурган, заары бетине чыккан Балта мырза Алибийди ачуусун Алибийден чыгарат. Эл көзүнчө опузалап итче кууп салат. Кийинки күнү Алибийди жигиттерине сүйрөтүп келип, чачылган 100 пулу үчүн жүз камчы салдырат. Мына ошондо Алибийдин жүрөгүндө дарт калат. Атка болгон ышкысы кара ооруга айланат. Жолобос болот. Бирок жүрөк түпкүрүндө жашап келген учкун карыяны азыркыга чейин аттан алыс кармай албайт. Күндөгүдөй эки маал ат багылчу сарайга келип, узактан гана карап атка болгон сагынычын таратып келет.       

  Урматтуу окурмандар, сиздер учурдагы ногой адабиятынан кабардар болдуңуздар. Иса Капаевдин чыгармаларынан кеңири маалымат алгыңыз келсе ногой, казак, түрк жана орус тилдериндеги котормолорун окуп чыгууңуздарды сунуштай алабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар