Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1176587
Тарыхта бүгүн

*** 1326 -  жылы 6 -  апрелде Осмон мамлекетинин экинчи падышасы Орхан Гази Бурсаны басып алды. Византия мамлекетине таандык шаар Осмон мамлекетинин куруучусу Осман бей тарабынан курчоого алынып, бирок басып алуу Орхан Гази мезгилинде ишке ашты.

*** 1814 -  жылы 6 -  апрель күнү Наполеон Бонапарттын император атынын сактап калынышына уруксат берип Елба аралына сүргүнгө айдалды.

*** 1896 -  жылы 6 -  апрелде тарыхынын алгачкы заманбап олимпиада оюндары Афинада башталды. 15 өлкөдөн 245 спортчу катышкан оюндар мезгилдин эң жогорку олимпиадасы болду.

*** 1909 – жылы 6 -  апрелде америкалык изилдөөчү Роберт Пеари орун басары Маттьев Хенсон жана төрт Эскимо түндүк уюлуна баскан биринчи киши катары тарыхка өттү. Бирок Пеари окуяларды каттоого алууда тыкан болбогондуктан кээ бир маалыматтарынын кемчилиги адситер арасында шектенүү жаратты жана түндүк уюлуна барып же барбагандыгы талкууга жол ачты.

*** 1917 -  жылы 6 -  апрелде АКШ 1 -  Дүйнөлүк согушуна киргендигин расмий түрдө жарыялады. АКШ Германияга согуш жарыялап Антанта мамлекеттеринин жанында Биринчи Дүйнөлүк согушуна расмий түрдө киргендигин жарыялады.

*** 1920 -  жылы 6 -  апрелде Эл аралык түрк кабар агенттиги Анадолу агенттиги курулду. Анадолу агенттиги Мустафа Кемал Ататүрк, Халиде Эдип Адывар жана Юнус Нади тарабынан Боштондук согушу тууралуу  кабарларды жарыялоо үчүн курулган.

 

 



Тектеш кабарлар