Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-34

Кумук адабиятынан Абдулхусейин Ибраимодун “Аманхор” аттуу тарыхый романы.

1171968
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-34

Урматтуу радио угармандары жана китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун кумук адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда кумук адабиятынын белгилүү аалымы Абдулхусейин Ибраимовдун чыгармачылыгы жана кумук адабиятынын “Аманхор” аттуу алгачкы тарыхый-романынан баяндап беребиз.  

                    Кадырлуу угармандар, Кумук элинин көпчүлүгү бүгүнкү Орусия Федерациясына караган Дагестан мамлекетинде жашаган түрк элдеринин бири. Элинин саны беш жүз миңге жеткен бул элдин өтмүшүн окумуштуулар тарыхтагы кимектерден таралганына байланыштырышат. Кумук адабиятына саякат жасасак -   баатырдык эпосторго, дастандарга, макал-лакап, табышмактарга, жомокторго, тарыхый ырларга бай экенин көрүүгө болот. Жазма адабияты 18-19-кылымдарда эле өнүгө баштаган. Бул доордо Какашуралы, Ырчы Казак, Осмон уулу аттуу кумук элинин белгилүү акындары жашап өткөн. Булардын замандашы, кумук элинин белгилүү жазуучусу Абдулхусейин Ибраимов дагы мына ушул доордо кумук адабиятынын өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөткөн улуу аалым болгон. Атасы арапча жана фарсча билген улуу молдо болот. Абдулхусейин 1890-жылы жарык дүйнөгө келет. Ал кичинесинен зээндүү болуп, окууга шыгы артып, 13-14 жаштарында чоң атасы Алинин бай китепканасынан чыгыш жазуучуларынын баарын окуп билет. Анын атасы билимдүү киши болгондуктан, чыгыш адабияты менен гана чектебей аны орус мектептеринде окуткан. Саади, Хафыз, Низами аттуу чыгыш акындарын жаттап бүтсө, кийин орус адабиятынын чыгаан жазуучулары Пушкин, Лермонтов, Гоголь, Толстойдун чыгармаларынан азыктанган. Жаш чагынан эле түркчө, орусча, арапча, фарсча, калмук тилдерин үйрөнүп коомуна жарактуу, атактуу жазуучу катары таанылган. Өзү сыяктуу аалым достору менен бирге 1910-жылы Кызларкалада “Хаят” аттуу мектеп ачып, ал жерде жаңыча метот болгон “Жедит усулу” менен билим бере баштаган. 1916-жылы мугалимдик кесибин токтотуп, Октябрь Революциясы учурунда коомчулукка керектүү активдүү иш-чараларга катышат. Орнотулган жаңы система боюнча Дагестанда жана түндүк Кавказ аймактарында пенсияга чыкканга чейин түрдүү мамлекеттик кызматтарды өтөйт. Жазуучунун иш кызматы менен бир топ айыл-шаар жерлеринде иштегени, анын чыгармачылыгына чоң салым кошкон.

                                  Анын негизги чыгармалары катары “Менин жаштыгым”, “Эненин жүрөгү” сыяктуу повесттери жана “Аманхор” романын айта алабыз.

Жазуучунун “Аманхор” аттуу тарыхый-романын анын ийгилик жараткан чыгармасы деп айтууга болот. Каарман 17-кылымда жашап өткөн элдик баатыр болгон. Жазуучу бул эмгегинин жазылышында элден маалымат чогултуп, уламыштар, ырлар, окуялар менен коштоп, фарс, арап, түрк жана орус булактарынан иликтөө кылып анан жазган. Мына ошол себептен бул чыгарма кыргыздын “Манас”ындай маанилүү. Азырга чейин эл арасында бул баатырдын кошоктору айтылып келет. Чыгарманын орус жана түрк тилдериндеги котормолору дагы белгилүү. Анда эмесе кийинки кепти “Аманхор” романы менен уланталы.

                      Романдын башкы каарманы Аманхор аттуу баатыр – элге белгилүү Сайит Махаммат Аманкул уулу деген аалымдын баласы болуп төрөлөт. Анын атасы эрте көз жумуп, энеси жана карындашы менен каардуу Татархандын мамлекетине көчүп барышат. Аманхор акылдуу, билимдүү, жоомарт жана аны ийгилик коштогон чоң акын болуп чыгат. Муну уккан хан өзүнө жакындатып, сарайга чакырып, аны салык чогултуу үчүн кызматка алат. Бирок элдин кыйынчылыктары менен жакындан таанышкан Аманхор элдин талабын аткарып, элге жардам берүүнү ойлонот. Эл кыдырган Аманхор бир күнү Дилбарханым аттуу сулууга ашык болот. Кыз дагы Аманхорду жакшы көрөт. Баарынан кабары болуп турган ханга Аманхордун иштери жакпайт. Буга кошумча, тойлордо байларды жамандап ырдап жүргөнү да маалым эле. Ага ачууланган заалым хан акынды зынданга салып эки көзүн оюп салуусун буюрат. Бирок вазир менен казы адилеттүүлүк кылып, жеңилирээк жаза катары, энеси менен карындашын күң кылып кара жумушка салат. Татарханга коңшу өлкөлөрдө көтөрүлүш болуп жатканын уккан заалым хан, мындан коркуп астында иштеген кулдарын башка өлкөгө сата баштайт. Мунун ичинде үй-бүлөсү менен Аманхор дагы бар эле. Бирок Аманхор качып кутулуп заалым ханды өлтүрүп, үй-бүлөсүн жана элди куткарат. Сүйүктүүсү Дилбарханымга сөйкө салат. Татархан өлгөндөн кийин кандык чачырап эл Эндирей аттуу хандыкка баш ийет. Бул жолу дагы шордуу элдин башына каардуу, аракеч, заалым Султанмахмут аттуу хан такка отурат. Султанмахмут сулуу Дилбарханымга көзү түшөт. Үстөмдүк кылып кызды ала качат. Баатыр Аманхор ал хандан сүйүктүүсүн куткарып, заалым ханды өлтүрөт. Хандан хан алмашып бирок баары заалым болуп чыга келген хандардын үчүнчүсү да элди жыргатпайт. Такка отурган кийинки хан элди алдаган, эки жүздүү Арсланмурза Султанмахмутту өлтүргөндөргө издөө салат. Тоодо жашынып жүргөн Аманхор, күндөрдүн биринде Дилбарханымды күттүрбөй, жакага түшүп той кылууну чечет. Мүмкүнчүлүктү колдоп жүргөн амалкөй Арсланмурза хан, Аманхорду айлакердик менен колго түшүрөт. Эл ардактаган баатырды дарга асуу буйругу берилет. Муну уккан түмөн калк, аксакалдар жалбарып дагы заалым хандын колунан куткара алышпайт. Сүйгөн адамынан ажыраган Дилбарханым дагы көп өтпөй бул дүйнөдөн кайтат. Кошоктон, ыйдан жер дүңгүрөп табият дагы баатырды жоктойт.

Бул чыгарма чеберлик менен жазылып, кумук адабиятында проза жанрынын башаты катары баалуу. Чыгармадан кийинки жаралган кумук элинин чыгармаларынын бирден-бир булагы катары колдонулат. Жазуучу романында элдик баалуулук болгон дастан, уламыш, кошок жана ырлардан көп маалымат берип адабий казынаны байыткан. Кыскача айтканда, Абдулхусейин Ибраимовдун жаратуучулугу, илимге болгон көз карашы, өзгөчө кумук элин таанып билүүдө кошкон маанилүү кошумчасы мына ушул “Аманхор” аттуу тарыхый-романынан билүүгө болот.

Урматтуу угармандар, сиздер учурдагы кумук адабиятынан кабардар болдуңуздар. Кумук тили - түрк тилдеринин кыпчак группасына кирген үчүн кыргыз тилине окшоштуктарынын көп экенин айтууга болот. Ушул себептен, эгер кумук элинин каада-салтына кызыктар болсоңуздар “Аманхор” аттуу романды кумук тилинде окуй аласыздар, же болбосо орус тилиндеги котормосунан да окууңуздарды унуштай алабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар