Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1882 - жылы 24 - мартта Роберт Коч туберкулез оорусуна себеп болгон бактерияны тапкандыгын жарыялады. Бул ачылуу менен 1905 - жылы медицина тармагында Нобель сыйлыгын алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 24 - мартты Дүйнөлүк туберкулез күнү деп белгиледи.
*** 1905 - жылы 24 - мартта «Илимий фантастиканын атасы» деп аталган француз жазуучу Жюль Верн дүйнөдөн кайтты.
*** 1923 - жылы 24 - март күнү Мустафа Кемал Паша Тайм журналынын капкагына чыкты.
*** 1933 - жылы 24 - мартта Германияда Гитлер 27 - февралда болгон Рейхстаг өртүн себеп катары көрсөтүп өлкөдө тартипти түзүү үчүн өзүнө өзгөчө ыйгарым укуктарды берген жарлыктын 24 - мартта кабыл алынышы менен диктатордук күчкө жетишти.
*** 1976 - жылы 24 - мартта Аргентинанын мамлекет башчысы Исабель Перон эч кандай кан төгүү болбогон бир сокку менен кулатылды.
*** 1999 – жылы 24 - мартта НАТО Косовадагы кагылышуулар боюнча Югославияга каршы аба операциясын баштады.
2 - Дүйнөлүк согушунан бери Европадагы эң катуу бомбалоо болгон Союздаш күчү кыймылы Косованын Сербиядан чыгышына себеп болду.
*** 2006 - жылы 24 - март күнү Испаниядагы ЕТА уюму мөөнөтсүз жана туруктуу ок атышпоо жарыялады.