Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1590 - жылы 21 - мартта Осмон мамлекети жана Сафеви мамлекети (бүгүнкүИрандын) ортосунда Ферхат Паша келишимине кол коюлду.
*** 1779 - жылы 21 - март күнү Осмон мамлекети менен Орусиянын ортосунда Айналыкавак келишимине кол коюлду.
*** 1788 – жылы 21 - мартта АКШнын Луисана аймагынын Нью – Орлеанс шаары чыккан өрттө толугу менен күйүп кеткен.
*** 1935 - жылы 21 - мартта Шах Рыза Пехлеви эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөсүнүн «Персиа» эмес «Аряндардын өлкөсү» деген мааниге келген Иран деп аталышын каалады. Өлкөнүн аты биздин эрага чейин 6- кылымдан 1935 - жылга чейин Перс императорлугу, Ажемистан сыяктуу аттар менен билинген.
*** 1963 - жылы 21 - мартта Алькатрас абагы жабылды. Алькатрас аралы 1861 – 1963 - жылдардын арасында абак катары колдонулган арал.
*** 1973 - жылы 21 - мартта белгилүү түрк элдик акын Ашык Вейсел дүйнөдөн кайтты.
*** 2009 - жылы 21 - мартта ТРТнын Ыракы Чыгыштан Балкандарга созулган аймакта жашаган түрк дүйнөсүнө карата эл аралык маданият – кабар мазмундуу телекөрсөтүү каналы ТРТ Аваз берүүлөрүн бере баштады.