Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1165904
Тарыхта бүгүн

                             

*** 1584 -  жылы 18 -  мартта  Орусиянын куруучусу жана ошол эле учурда аесуздугу менен да белгилүү болгон орус падышасы Иван каза болду.  Изилдөөчүлөр анын уулангандыгын айтышууда.

 

*** 1915 -  жылы 18 -  мартта Чанаккале жээктерине чейин келген Антанта өлкөлөрүнүн армияларына каршы Мустафа Кемалдин командирлигиндеги Осмон армиясы жеңишке жетишти. Чанаккале согушу Осмон империясы менен Союздаш мамлекеттердин арасында 1915 -  жылы Анадолунун Гелиболу жарым аралында болгон деңиз, кургактык жана аба согуштары.

*** 1940 -  жылы  18 -  март... Гитлер менен Муссолини Италияда жолугушту жана Италия, Германиянын жанында согушка кирүү чечимин чыгарды. Мындан төрт жылдан кийин ошол эле күнү немистер Венгрияны басып алды.

*** 1949 – жылы 18 -  мартта НАТО курулду.

***1962 -  жылы 18 -  мартта Франциянын Алжир кыргыны бүттү...

Франция 1954 -  жылы башталган Алжир көтөрүлүшүн бардык аракеттерге карабастан бастыра албады. Бул процессте 1, 5 жарым миллион алжирдик каза болду.

*** 1965 -  жылы 18 -  мартта адам баласы биринчи жолу космоско басты. Советтик космонавт Алексей Леонов жерден 2. 177 километр бийиктикте «Восход 2» аттуу космостук унаасынан чыгып 20 минута бош жерде болду. Леонов бул убакыттын 12 минута 9 секундасын басуу менен өткөрдү.

*** 1995 – жылы 18 -  мартта түрк киносунун эң белгилүү актерлорунан Садри Алышык дүйнөдөн кайтты.

*** 2010 -  жылы 18 -  мартта ТРТ Хабер каналы  программаларын эфирге чыгара баштады.



Тектеш кабарлар