Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

Тарыхта бүгүн

 

*** 1816 – мартта 17 -  мартта Капитан Пиерре Андриэль башкаруусундагы 38 тонналык «Елисе» аттуу кеме Ла – Манш деңизин ашып өткөн алгачкы буу менен иштеген кеме болду.

*** Ахмед Ихсан Токгөз тарабынан 1891 -  жылы 17 -  мартта Сервет  - и Фүнун журналы курулду. Түрк адабияты тарыхында негизги орунга ээ болгон журнал акын жана жазуучулардын ичинде орун алган батыш адабиятынын таасириндеги жазуучулар агымынын жол башчысы болду.

 

*** 1901 -  жылы 17 -  мартта Ваг Гогдун картиналары Парижде Бернхайм-Жене галлереясында көргөзмөгө чыга баштады. 1890 -  жылы жанын кыйган сүрөтчү өмүрүндө бир гана картинасын сата алды.

 

*** Немис суу түбүндөгү кеменин капитаны  Отто Кречмердин суу түбүндөгү кемеси 1941 -  жылы 17 -  мартта сууга батырылып туткунга алынды. Отто Кречмер  ал күнгө чейин   47 кемени суу түбүнө батырып жана жалпы 274.333 тонналык эсеп менен согуштун эң жогорку тоннадагы кеме батырган капитан болду.

 

***  Бельгия, Франция, Нидерландия, Бириккен Королдук жана Люксембургдун арасында 1948 -  жылы 17 -  мартта 50 жылдык мөөнөт менен Брюссель келишимине кол коюлду жана Батыш Европа Биримдиги курулду.

 

*** 1954 -  жылы 17 -  мартта Испанияны чүчү кулак тартуу менен элеген Түркия улуттук футболдук командасы биринчи жолу ФИФА дүйнөлүк кубогуна катышуу укугуна ээ болду. Швейцарияда өткөрүлгөн бешинчи Дүйнөлүк кубокто Түркия биринчи турда оюндан чыкты.



Тектеш кабарлар