Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1161236
Тарыхта бүгүн

*** 1702 -  жылы 11 -  мартта Британиянын күнүмдүк чыккан улуттук гезити Daily Courant чыгарыла баштады. Бир гана беттен турган гезиттин алдыңкы бетинде кабарлар, арткы бетинде рекламалар орун алган.

*** Джузеппе Вердинин «Риголетто» операсы 1851 -  жылы 11 -  мартта биринчи жолу Венецияда сахнага чыкты. Чоң ийгиликке жеткен операнын ырлары эртеси күнү Венеция көчөлөрүндө жаңыра баштады.

*** 1935 -  жылы 11 -  мартта түркчүлүк агымынын жол башчыларынан Түрк очокторунун куруучуларынан тарыхчы жана саясатчы Юсуф Акчура дүйнөдөн кайтты.

*** Индиянын Дели шаарында биринчи жолу өткөрүлгөн Азия оюндары 1951 – жылы  11 -  мартта аяктады. Азыркы күндө да улантылып жаткан жарыштар Эл аралык Олимпиада комитетинин колдоосунда Азия Олимпиада комитети тарабынан өткөрүлүүдө.

*** 2004 -  жылы 11 -  артта Мадридде 3 поезд станциясында болгон төрт башка жарылууда 177 киши каза болгон. Өкмөт кол салуулардан ЕТАны жооптуу деп, уюм болсо бул күнөлөөнү четке какты. Мадрид кол салуусунан бир жылдан кийин 11 -  мартта кол салууда каза болгондордун элесине «Каза болгондордун токоюу» эстелиги ачылды.

*** 2011 -  жылы 11 -  мартта Япониянын Тхоку аймагында 9,0 баллдык жер титирөө болду. Бул жер титирөөнүн Японияда болгон эң чоң, дүйнөдө болсо эң чоң биринчи беш жер титирөөнүн арасында орун алгандыгы билдирилди. Жер титирөөдөн кийин аймакта бийиктиги 37,  9 метрге жеткен цунами толкундары ортого чыкты. .



Тектеш кабарлар