Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

Түркиянын жардам мекемелери-10

1159917
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын долбоорлору

Урматтуу окурмандар «Түркиянын жардам мекемелери» аттуу программабызда Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгын (YTB)  таанытууну улантабыз. Бул бөлүмдө башкармалыктын маанилүү иш-аракеттеринин арасында орун алган «Түркия стипендиялары» программасын түшүндүрөбүз.

Түркия стипендиялары; дүйнөнүн ар башка аймактарындагы ийгиликтүү окуучуларга, Түркиянын эң мыкты университеттеринде толук же кыска мөөнөттүү программалардан пайдалана алуулары үчүн берилген жана мамлекет тарабынан колдоого алынган атаандашчыл стипендия программасы болуп эсептелет.

Түркия стипендияларынын максаты; өзүн, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана ошондой эле коомчулуктардын арасындагы орток түшүнүктү күчтөндүрүүгө арнаган, келечектин лидерлерин жетилтүү жана бул лидерлерди камтыган колдошуу желесин түзүү болуп саналат.

Түркия стипендиялары, жогорку билим берүүнүн ар бир баскычындагы сапаттуу эл аралык студенттерге бир гана билим алуу стипендиясын берип эле тим калбастан ошол эле учурда бул студенттердин университетке даярдануу жана жайгашуу процессин да камтууда.

Түркия стипендиялары үчүн кайрылуу мезгилдери, Түркия стипендияларынын расмий интернет барагы аркылуу түрк, араб, англис, француз, орус, бошняк, француз жана испан тилдеринде жарыяланып турат.

Учурда 16 миңден ашуун кишиге стипендия алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Жыл сайын орто эсеп менен 5 миң жаңы стипендия берилүүдө. Быйыл болгон кайрылууларды караганыбызда 167 башка өлкөдөн 145 миң 700 кайрылуу менен рекордго жетишилгенин көрүүдөбүз.

Бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлдеринде учурдагы стипендияларга Түркия Республикасынын атуулу болбогон кишилер да кайрыла алганы сыяктуу кайрылуу университетке жайгашуу процессин да камтууда.

Талапкерлерге 12 университеттен бирөөнү тандоо укугу берилет.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланыңыздар жаштар...



Тектеш кабарлар