Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

Тарыхта бүгүн

                  

*** 1294 -  жылы 18 -  февралда Монгол  императору Кубилай Хан дүйнөдөн кайтты. 1271 -  жылы Кытайда юан династиясын куруп 23  жыл бул жердин өкүмдары болгон Кубилай Хан Сонг династиясын  жок кылып Кытай мамлекетин бириктирген. Кытайда биринчи қагаз акча колдонуу да Кубилай Хан заманында башталган. Кубилай мезгилинде Кытайга көптөгөн европалык келген. Булардын арасында эң белгилүүсү Марко Поло.

*** 1451 -  жылы 18 -  февралда Фатих Султан Мехмет экинчи жолу тактыга чыкты. 1444 – жылы 2 -  Мурат тактыны уулу Мехмедге калтырды. Мехмед 12 жашында тактыга чыкты. Бул абалга Чандарлы Халил Паша жана кээ бир мамлекеттик кызматкерлер нааразычылык билдиришти бирок 2 -  Мурат кабыл алган жок. Венгерлердин мындан мурда түзүлгөн келишимди бузушу жана согуштун башталышы менен Фатих кээ бир мамлекеттик кызматкерлер менен атасы  2 -  Муратка эки кат жазды. Булардын экинчисинде атасына бул сөздөр жазылган : «Падыша болгон болсоңуз армияңызга командарлик кылыңыз, падыша биз болсок буйругубузга баш ийип армиянын башына өтүңүз». Бул кат боюнча 2 -  Мурат кайрадан Осмон мамлекетинин тактына отурду. Андан кийин атасынын каза болушу менен Фатих Султан Мехмет 7 жылдан кийин экинчи жолу тактыга отурду.

*** 1695 -  жылы 18 -  февралда Сакыз аралы венециялыктардан алынды. Осмон мамлекети 1683 -  жылы башталган Ыйык союздаштык согуштарында сакыз аралы венециялыктардан кайра алынды.

*** 1856 -  жылы 18 -  февралда Осмон мамлекетинде Ыслахат ферманы башкача айтканда реформа жүргүзүү жарлыгын жарыялады. Султан Абдүлмежит мезгилинде жарыяланган жарлык менен кулоого өткөн Осмон мамлекетинде тектүү өзгөртүүлөрдүн жасалышы максат кылынган.

*** 1952 -  жылы 18 -  февралда Түркия Улуттук Парламенти Түркиянын НАТОго мүчөлүгүн бекитти. Түркиянын Корея согушуна катышуусу жана Орусиянын жүргүзгөн катуу саясаттары АКШны Жер Ортолук деңизин коопсуздук үчүн Түркия менен бирдикте Грецияны да НАТОго алууга түрттү.



Тектеш кабарлар