Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхба болгон маанилүү окуялар.

1138007
Тарыхта бүгүн

*** 1783 – жыл 4 -  февраль  Американын көз карандысыздык согушу; Британия АКШ менен болгон душмандыгын акырына чыгаргандыгын расмий түрдө жарыялады.

*** 1789 -  жылы 4 -  февралда Жорж Вашингтон АКШнын биринчи президенти болуп шайланды. 1792- жылы 4 -  февралда Вашингтон экинчи жолу президент болуп шайланат.

*** 1794 -  жылы 4 -  февраль күнү Франция колонияларында кулчулукка тыюу салды. Франция 18 – кылымда Түндүк Америка аймагынын кулчулукка каршы алып келген чектөөлөрдөн таасирленип бардык колонияларынан кулчулукту жойду. Бирок бул чечим көпкө созулган жок. 1802 -  жылы Наполеон Бонапарт кулчулук тартибине кайрадан кайтууга чечим чыгарды.

*** 1871 -  жылы 4 – февралда Шейх Шамил дүйнөдөн кайтты. Кавказ элдеринин күчү менен белгилүү болгон улуттук каарман Шейх Шамил ажылык үчүн барган Арабияда каза тапты. Шейх Шамил жаш кезинен баштап Кавказ калкынын Орусияга каршы эркиндик күрөшүнүн лидери болду.

***1945-  жылы 4 -  февралда Ялта конференциясы чогулду... Советтер союзунун Ялта шаарында  АКШ; Британия жана Орусия чогулушту. Экинчи Дүйнөлүк согушунда чогулган конференцияда согуштун акырында Германиянын жеңилиши менен пайда боло турган шарттар сөз болду. Германиянын согуштан кийин басылып алынышы, нацизмдин ортодон жоюлушу жана немис армияларынын таркатылышына чечим чыгарылды.

*** 1957 -  жылы 4 -  февралда эки атомдук суу түбүндөгү кеме болгон USS Nautilus (SSN-571) суу бетине чыкпастан 60.000 деңиз милин басып өтүп, Юля Вернанын белгилүү  «Деңиз астында 20.000 лига» атту романында кыялындагы Nautilus суу астындагы кемесинин чыдамдуулугун турмушка ашырган болду.

 

*** 2004 – жылы 4 -  февралда  Гарвард университетинин студенти Марк  Цукерберг тарабынан фейсбук курулду. Азыркы күндө фейсбук эң көп киши кирген сайттардын бири.

 

 

 



Тектеш кабарлар