Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1136627
Тарыхта бүгүн

 

*** Александр Селкрик 4 жыл 4 ай Чили жээгине 400 мил алыcтыктагы ал күнкү аты менен «Исла Мас Тьерра» аралында жалгыз жашагандан кийин 1709 – жылы 2 -  февраль күнү Вудс Роджерс тарабынан куткарылды.

Баарыбыз билген «Робинсон Крузо» романынын жазуучусу Даниэль Дефое бул окуядан таасирленип жазган. Ал түгүл аты 1966 -  жылы Чили өкмөтү тарабынан «Исла Робинсон Круз» деп өзгөртүлдү.

***  1970-  жылы 2 -  февралда англис математик, тарыхчы жана коомдук сынчы Нобель адабият сыйлыгынын ээси Бертран Рассел каза тапты. Өмүрү боюнча согушка каршы чыккан Рассел эркин соода жана империализмге каршы чыгууну колдоду.

Тынчтыкты колдогон кыймылдарынан улам 1 -  Дүйнөлүк согушунда абакка алынды. 2 -  Дүйнөлүк согушунда Адольф Гитлерге каршы кампанияларды жүргүзгөн Бертран Рассел Вьетнам согушундагы кыймылынан улам Америка өкмөтүн күнөөлөдү. Атомдук куралданууга да каршы болгон Расселдин акыркы кыймылдарынын бирөөсү да Израилдин Ортоңку Чыгыштагы өлкөлөргө каршы кыймылын сынга алган бир билдирүү жарыялашы эле. Бертран Рассел адам укуктарын жана ой эркиндигин жактаган жазууларынан улам 1950 -  жылы Нобель адабият сыйлыгына ылайык көрүлдү.

*** 2000 – жылы 2 -  февралда Кот-д'Ивуар улуттук футболдук командасы Африка кубогунун биринчи турунда эленип, өлкөнүн диктатору тарабынан аскердик лагерге камалды. 2000 – жылы ийгиликсиз болушса да Кот-д'Ивуар кийинки жылдарда улуттук футболдук командасы 2006  ФИФА дүйнөлүк кубогуна жана 2010  ФИФА дүйнөлүк кубокко катышкан командалардын арасында орун алды.

*** БУУнун  «Климаттык отчету» 2007 -  жылы 2 -  февраль күнү билдирилди. Глобалдашкан ысынуунун адам турмушун коркуткандыгы тууралуу эскертүү жасалды. Атмосферага жайылган газдар себеп болгондугу ойлонулган уулуу газдардын таасиринин натыйжасында жер шарына жыл боюнча кургактык, деңиз жана абада өлчөлгөн орточо ысыктыктардагы артууну көрсөткөн глобалдык ысынуу азыр да дүйнөнүн күн тартибинен орун алууда.



Тектеш кабарлар