Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1136221
Тарыхта бүгүн

*** 1929 -  жылы 31 -  январь күнү Осмон империясында биринчи китеп басылып чыкты. Түркчө китеп жана гезит басып чыгаруу максатында 1727 -  жылы курулган Осмон мамлекетинин алгачкы басмаканасы болгон Дарүттбаада басылып чыккан китеп; фарабдык Жевхеринин Сыхах – и Жевхери деп аталган арапча сөздүгүнүн Вани Мехмет бин Мустафа тарабынан которулган котормосу эле. Осмон мамлекетинде алгачкы басмакана Ибрахим Мүтеферрика тарабынан 1719 -  жылы алып келинген.

*** 1876 -  жылы 31 -  январда АКШда өлкөдөгү бардык индейлер «индейлер резервациясы» деп аталган, өздөрүнө бөлүнгөн атайын аймактарда жашоого мажбур болушту.

1492 -  жылы 12 -  октябрда Христофор Колумб Индия деп Америка материгин ачышы менен бирге ал жерлерде жашаган жергиликтүү калктар үчүн кыйын күндөр башталды. Жаңы бир дүйнөдө жашоо жана байлыктарына ээ чыгууну каалаган европалыктар Америкага көчүштү. Европа тектүү америкалыктар деп аталган бул коомдор индейлерди жерлеринен чыгарууну, түрдүү жугуштуу оорулар, маданий тыюу салуулар менен жок кылууну башташты. Индейлерге жасалган зулумчулуктардын бирөөсү да аларды өздөрүнө бөлүнгөн аймактарда жашоого мажбур кылуу эле. Буга да «Индейлер резервациясы»  деген ат берилген.

2000 -  жылы 8 -  сентябрда АКШ индейлер тууралуу ички иштер бюросунун төрагасы батыштыктар ишке ашырган «этникалык тазалык» кыймылында бюронун кошкон салымдарынан улам расмий түрдө кечирим сурады.

*** 19 -  кылымдагы осмондук мезгили түрк адабиятынын алдыңкы ысымдарынан акын жана жазуучу Режаизаде Махмуд Экрем 1914 -  жылы 31 -  январда дүйнөдөн кайтты. 1847 -  жылы төрөлгөн жана мыкты билим алгандан кийин мамлекетте маанилүү кызматтарды аткарган Режаизаде Махмут Экрем биринчи жазууларын мекен акыны деп аталган Намык Кемалдын башкаруусундагы Тасвир    и Эфкар гезитинде жарыялады. 1870 -  жылдардан кийин толугу менен жазууга өттү. Батыш адабиятынан котормолорду которду. 1870 -  жылы  биринчи пьесасы Афифе Анжеликти, 1871 -  жылы биринчи ыр китеби Нагме  - и Сехерди жарыялады. Бир гана романы болсо түрк адабиятында реализмдин алгачкы үлгүлөрүнөн болуп саналган «Машинага болгон сүйүү» аттуу чыгармасы.

Белгилүү адабиятчынын каза болушу менен ал күнү императорлукта мектептер каникулга чыкты жана чоң жаназа зыйнаты өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар