Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон окуялар.
*** 1916 - жылы тарыхта бүгүн союздаш күчтөр Осмон армиясынын Чанаккаледеги согушта жеңе албады. Жеңилүүгө учурап Гелиболу жарым аралынан чегине башашты. Ийгиликсиз болгондуктан англис деңиз күчтөрүнүн командири адмирал Уинстон Черчилль кызматынан кетти.
*** Астрономия илимпозу Галилео Галилей 1642 - жылы абакта каза тапты.
*** 1945 - жылы Искендерун порту тейлөөгө ачылды. Искендерун Хатайдын калкы эң көп экинчи району. Түркиянын төртүнчү чоң порту.
*** 1960 - жылы 8 - январда курулган Хирфанлы суу сактагычы кызматка кирди. Кызылырмак дарыясынын үстүнө курулган суу сактагыч Түркиянын саналуу чоң көлөмдүү суу сактагычтарынын бирөөсү.
*** 1986 – жылы 8- январда сегиз өнөрпозго жогорку билим берүү кеңеши тарабынан «профессорлук» наамы берилди. Бул өнөрпоздордун арасында Йылдыз Кентер, Хикмет Шимшек жана Невит Кодаллы да бар.