Түркияда туризм-2

Кападокия Түркиянын эң маанилүү туристтик аймактарынан бири...

1120653
Түркияда туризм-2

Урматтуу окурмандар Кападокия Түркиянын эң маанилүү туристтик аймактарынан бири...

Ортоңку Анадолудагы Гөреме, Үргүп, Учхисар, Аванос, Деринкую, Каймаклы, Ыхлара жана чөйрөсү, Кападокия аймагынын теңдешсиз туристтик жергелери.

Табигый кооздуктардын жана тарыхы ар кыл өткөн Кападокиянын пайдубалдары миңдеген жыл мурда Ортоңку Анадолудагы тоолор активдүү вулкан болуп турганда бүрккөн лавалары менен түптөлгөн. Аккан лавалар аймакта ар кандай катуулуктагы борпоң катмарларды пайда кылган. Миңдеген жылдар бою жамгырлардын, селдердин, шамалдардын, бул борбоң катмарларды жешилтиши менен бирге аймакта «Пери морлору» деп аталган табияттын укмуш кооздуктары жаралган.

Кападокияны тарых бою асурлар, хеттер, перстер жердеп келишкен. Бир убакта Рим императорлугунун эгемендиги астына кирген. Аймакта бул цивилизациялардын издерин, айрыкча Селжук жана Осмон императорлуктарына таандык эстеликтерди көрүүгө болот.

ЮНЕСКОнун маданий жана табигый мурас тизмесинде орун алган Гөреме улуттук паркында укмуш пери морлору менен катар аймакка баш калкалаган христиандардын жайгашкан жерлерин, чиркөөлөрүн көрүү мүмкүн.

Кападокиядагы теңдешсиз кооздуктагы коктулар, суктандырган жер астындагы шаарлары, чептер, чиркөөлөр, мечиттер, карапа жасоочу ишканалары, кыдырылса боло турган жерлер...

Тарыхтын тереңдиктерине түшүү, пери морлорунун коштоосунда коктуларында басуу, өтмүштүн издерин байкоо, сыйкырлануу үчүн Кападокияны саякат китепчеңизге кошуп, «барып көргүлө» дейбиз.

Унутулгус тажрыйбага ээ болгуңуз келсе, аймакты асмандан карап суктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган шар турларына катышууңузду сунуштайбыз.

Тести кебабы, чөмлек кебабы, гүл бөреги, дүгүн сорпосу жана асиде таттуусун жебестен Кападокиядан кетпеңиз...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар