Адилеттик айлампасы

Глобалдык перспектива-40

1061916
Адилеттик айлампасы

Адилеттик айлампасы

Өткөн аптада Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-жыйындарында дүйнөлүк лидерлер жолугушту. АКШнын президенти Трамптын ааламдашууга каршы экенин жарыялоосу, Франциянын президенти Макрондун Трампка жооп берип жаткандай түрдө глобалдык кызматташтыкты жактоосу, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын  «Дүйнө жүзү бештен чоң» ураанын кайталоосу жана адилеттүүлүккө чакыруусу, Жаңы Зеланданын премьер-министри, айым Ардериндин Башкы ассамблеяга үч айлык ымыркай баласы менен катышуусу лидерлер саммитинен эсте калгандар болду.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Бул программада лидерлер саммитинен эсте калгандарга эмес, президент Режеп Таййип Эрдогандын адилеттүүлүккө чакыруусуна токтоломун. Эрдоган байыркы түрк-ислам салты же термини болгон «Адилеттик айлампасын» эске салып глобалдык деңгээлдеги адилеттик кемчилигине көңүл бурду.  Анда Эрдоган буларды айтты: «Биздин цивилизациябызда «Адилеттик айлампасы» деп аталган коом, укук, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик күч, экономика жана адилеттиктин ортосундагы карым-катнаштардын эң туура түрдө курулуп иштетилишин негиз кылган айлампа бар. Бардыгы тең бири-бирине байланышкан айлампанын чынжырлары, бүгүнкү күндө көп жерде үзүлгөн абалда. Бүгүнкү күндө жер шарыбыздын саясий, социалдык жана экономикалык ыраатсыздыктардын чеңгелинде бушайман болуп жатышынын себеби мына ушул. Бардыгыбыздын бакубат жана коопсуз келечек үчүн адамзаттын  адилеттик изденүүсү менен башталган күрөшүүсүн, адилеттикти куруу менен жыйынтыктоого мажбурбуз. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн эң бай 62 кишисинин байлыгы, жалпы калктын санынын жарымына мындайча айтканда 3,6 миллиард адамдыкына тете болсо, бул жерде маселе бар дегенди берет».

Урматтуу Эрдогандын адилеттик баса белгилөөсүн дагы жакшы түшүнүш үчүн эң оболу жакынкы мезгилде Батыштагы глобалдык баалуулуктар жөнүндө абалдарды караш керек. 2-Дүйнөлүк согуштан кийин адам укуктары, эркиндик, теңдик сыяктуу терминдердин чемпиондугун кылган Батыш, бүгүнкү күндө бул баалуулуктардан ылдам түрдө алыстап баратат. Батыштык өлкөлөрдө мигранттарга, мусулмандарга карай адилетсиздик кылуу күнүмдүк трумуштагы көнүмүшкө айлангансыйт.  Жикчил партиялардын добуштарын арттыруулары жана коалиция катары бийликти бөлүшүүлөрү менен чет элдиктерге карай жектөөчү сөздөрү эми маселе катары каралбай калды Батышта. ЕБне мүчө өлкөлөр качкындар темасын бир гана чек ара коопсуздугу жагынан кароодо жана ушул максат менен армия куроодо. Качкындар жашаган өлкөлөрүндө калса же Түркия сыяктуу адамзаттын абийири болгон өлкөлөрдө калышса Батыш үчүн маселе жок сыяктанат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк адамзат баалуулуктарынын Батышка каршы жакталышы керек болгон дүйнөгө багытталган абалдабыз.

Түркия жагынан алып караганда ишеничибиздин дагы, цивилизациябыздын дагы, тарыхыбыздын дагы эң негизги баалуулуктары жана термини адилеттик болуп саналат. Эркиндик жана теңдик болуш үчүн алгач адилеттик болушу керек. Кылымдар бою бизге жол көрсөткөн жана бүгүнкү күндө бардык сотторубузда жазылуу болгон «адилеттик мүлктүн негизи болуп саналат» сөзүндөгү мүлк бир гана мал-мүлк, буюм маанисинде эмес, тартип, ырааттуулук, мамлекет түшүнүгүндө. Адилеттик муктаждыгы салтыбызда «адилеттик айлампасы» көз карашы жана ишке ашыруусу менен институтташкан. «Адилеттик айлампасы» адилеттик менен башталып, адилеттик менен бүткөн саясий, коомдук, аскердик, финансылык, соодалык, экономиткалык тартиптин институтташкан абалы болуп саналат.

Жусуп Баласагындын 1069-жылы «Куттуу Билим» китебинде, Кыналызаде Мырзанын 1564-жылы жазган «Ахлак-и Алаи» чыгармасында жана түрк-ислам салтынын маанилүү көп сандаган чыгармасында адилеттик айлампасынан кеп кылынат. Салтыбыздагы бардык нерсенин негизинде адилеттик болгону, адилеттик курулбаган учурда мамлекеттин жана мүлктүн камсыздалбай турганы, элдин дагы бакубаттыгы камсыздала албай турганы жөнүндө ишенич, көз караш жана мамиле адилеттик айлампасы деп аталат. Адилеттик айлампасында же курчоосунда, дүйнө жана өлкө тартиби адилеттик менен башталып адилеттик менен бүткөн алкактарга окшотулат. Дүйнө жүзүнүн тынчтыгын жана адилеттик тартибин камсыздаган нерсе алгачкы алкактагы адилеттик болуп саналат. Экинчи алкакта дүйнө жүзү дубалы бар бакчага окшотулат. Үчүнчү алкакта мамлекетти тартипке салган укук болуп эсептелет. Төртүнчү алкакта өкүмдар болбостон укуктун корголо албай турганы айтылат. Бешинчи алкакта аскер болбостон өкүмдардын мамлекетке ээ боло албай турганы белгиленген. Курчоонун калган алкактарында болсо мал (салык) болбостон аскер чогултула албай турганы, салыкты топтой тургандын да эл экенине токтолот. Айлампанын акыркы алкактарында болсо башында болгону сыяктуу ошондой эле адилеттикке басым жасалат. Анткени салык бере алышы үчүн белгилүү бир кирешеге ээ болушу керек болгон элди башкаруучуларга ишендирген нерсе да адилеттик. Шейх Эдебалинин «адамды жашатсаң мамлекет жашайт» сөзү, адам-адилеттик-мамлекет карым-катнашынын өзү сыяктуу.  

Бүгүнкү күндө глобалдык тартип олуттуу түрдө териштирилсе, урматтуу Эрдогандын тез-тез басым жасаганындай БУУнун шашылыш түрдө жаңылануусуна муктаждык бар болсо, эч бир жоопкерчилиги болбосо дагы карапайым адамдар каалгалар аларга жабылганы үчүн тиги материктен бул материкке качып жатышса бул тартип мындай улана албайт. Чарасыздыктан өлүмгө ташталган балдардан күнөөңөр эмне эле деп суралса, алына турган жооп адамзат жана бардыгыбыз үчүн оор ыңгайсыздык, оор уяткаруу жаратпайбы? Түркия Республикасынын Президентинин адилеттик айлампасына басым жасоосу, бүткүл дүйнөнүн болуп жаткан зулумдуктардын астында калбоосу үчүн Батышты да куткарууну максаттаган чакырык болуп саналат. Анткени Улуу Селжуктук вазири Низамүл Мүлктүн 1000 жыл мурда белгилеп кектени сыяктуу «Сөгүнүү менен балким, бирок зулумдук менен бакубаттык болбойт».

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

 



Тектеш кабарлар