Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор - 4

Улуттук коргонуу жана спутниктер

1035980
Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор - 4

Түрк Харб  - Иш профсоюзунун билим берүү боюнча директору Таран Зенгиндин тема тууралуу баа берүүсү.

Мамлекеттер өлкөлөрүн жана жарандарын коргоо үчүн коргонуу секторуна маанилүү инвестицияларды салышууда. Дүйнөдө күч тең салмактуулугунда баш тарттыруучу болуу үчүн коргонуу инвестициясын салган маанилүү өлкөлөрдүн бирөөсү да Түркия. Түркия 2014 – жылы эң көп аскердик каржылаган биринчи 15 өлкөнүн арасында эле. 2017 -  жылы 29 миллиард түрк лирасын коргонуу үчүн жумшаган. Бул коргонуу чыгымдарынын борбордук бюджеттин ичиндеги катнашы 4, 62 пайыз. Түркия маанилүү бир аймакта болгону үчүн аймактык рисктерден таасирленип жатат. Түркия ошол эле учурда ПКК, ПЙД/ЙПГ, ДЕАШ, DHKP-C жана бир топ куралдуу террор уюму менен жапа тырмак күрөшүүдө. Бул күрөштү жүргүзүп жатып технологияны керек кылган коргонуу продукциядарын жана системаларын колдонуу мажбур абалга келип жатат. Акыркы жылдарда коргонуу каражаттарын чыгарууда маанилүү кадамдарды таштаган Түркия күн өткөн сайын дагы жакшы жерге келип жатат.

Коргонуу өнөр жайы тармагында 2004 -  жылы баштатылган улуттук жана жергиликтүү өндүрүш модели менен сектордогу жергиликтүүлүк катнашы 20 пайыздан бүгүн 65 пайыздан да жогоруга чыгарылды. Бул жергиликтүүлүк катнаштары учкучсуз унаа аппараттары сыяктуу көптөгөн стратегиялык продукцияларда 90 пайыздан жогору чыгарылды.

Түркия бир топ коргонуу каражаттарында дүйнөдө өндүрүш өндүргөн бир канча өлкөнүн бири болду. Мисалы камикадзе деп билинген каражаттарда дүйнөдө өндүрүш кыла алган үч өлкөнүн бири Түркия. Түркия учкучсуз аба унаа технологияларында дүйнөдө учак платформасы жана системалары менен акылдуу бомбасы менен куралдуу учкучсуз аба унаасын чыгара алган биринчи алты өлкөнүн арасына кирди. Түркия коргонуу өнөр жайында бир гана өз муктаждыктарын эле камсыз кылбастан ошол эле учурда продукцияларын дос жана союздаш өлкөлөргө экспорттоп жатат. Бүгүн өлкө тышына улуттук кемесин, улуттук тик учарын, ок өткөрбөс унааларын, учкучсуз унаа аппараттарын, абадан коргонуу системаларын, ракеталарын, аскердик кабарлашуу, башкаруу жана көзөмөл тутумдарын саткан өлкө. Түркия 2002 -  жылы 5, 5 миллиард долларлык бюджет менен 66 коргонуу проектисин жүргүзүп, коргонуу проектилеринин бюджетин 11 эсеге арттырып 60 миллиард долларга, коргонуу проекти санын да 9 эсеге чыгарып 600дөн ашуун проектини жүргүзгөн өлкө болду. Мисалы улуттук карабин массалык түрдө чыгарыла баштады. Улуттук карабин азыркы учурда түрк куралдуу күчтөрү, жандармерия жана коопсуздук уюму менен жогорку мартабалуу мамлекеттик жетекчилердин жакын коргоочулары тарабынан колдонулууда. Акыркы  4 жылдын ичинде 46 Байрактар TB2 куралдуу учкучсуз аба унаа системасын террор менен күрөш жана чек ара тышындагы кыймылдарында 60 миң саатка жакын асманда учурду.

Улуттук спутниктер

Түркия спутниктер жолу менен космостук тажрыйбага ээ болду. Түрк инженерлери тарабынан долбоорлонуп, Түркияда чыгарылган РАСАТ байкоочу спутниги 2011 -  жылы, Гөктүрк – 2  байкоочу спутниги 2012 -  жылы, Гөктүрк – 1 байкоочу спутниги болсо 2016 -  жылы космоско учурулду жана азыр да милдетин ийгиликтүү улантууда. Бул спутниктердин маанилүү пайдаларынын бирөөсү да түрк куралдуу күчтөрү жана коопсуздук күчтөрүбүзгө космостон көрүнүштөрдү алып террор операцияларына колдоо берүүдө. Түркия буларга кошумча катары спутник система интеграциясы жана тест борборун курду.

2020 -  жылы орбитага жайгаштырыла турган Түркиянын алгачкы улуттук кабарлашуу спутниги Түрксат  6А бул жерде курулуп жатат. Гөктүрк  - 1 спутниги андан мурда учурулушу керек болчу бирок Изриалдин француз фирмасына жасаган кысымынан улам тоскоолдукка учурады. Гөктүрк  - 1 спутниги Гөктүрк  - 2  спутниги космоско учурулгандан 4 жылдан кийин космоско учурулду. Эң чоң максаты кандайдыр бир чектөө болбостон жер жүзүндөгү ар бир аймактан аскердик чалгындоо максатында жогорку пикселдүү көрүнүштү алуу болгон Гөктүрк  - 1 спутнигинин камера системасы жана орчундуу электро-оптикалык бөлүмдөрүнүн кээ бирлерин Израиль берип жаткан. Израиль Түркиянын мындай бир технологиялык жөндөмдүүлүккө ээ болушун каалабагандыктан француз фирмасына кысым жасоо менен спутниктин космоско жиберилишине тоскоол болду. Израиль өзгөчө Гөктүрк  - 1 спутнигинин Израиль аркылуу өтүп жатканда көрүнүштөрдү албашын суранды. Түркия болсо көрүнүштөрдү алууда чектөөнүн болбошунун кепилдигин суранды. Түркиянын талабы четке кагылары менен Түркия төлөмдү токтотту. Түркия программалары түрк инженерлерине таандык болгон Гөктүрк  - 2 спутнигин 2012 -  жылы Кытайдан учурары менен фирма артка кадам таштоого мажбур болду.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варнак Түркия космостук агенттигинин бул жылдын ичинде куруларын айтты. Түркия космостук агенттиги Түркияда чыгарылган космостук проектилеринин координациясын, бул проектилерде иштей турган адам булагынын жетиштирилиши, түрк космонавт иштеринин башталышы тууралуу иш алып барат. Өнөр жай жана технология министрлиги 100 күнүмдүк аткаруу программасында агенттиктин бул жылдын ичинде курулары жана уюмдашуу иштеринин бүткөрүлөрү белгиленүүдө. Өнөр жай жана технология министри Варнак Түркия космостук агенттиги менен космостук технологиялары тармагында улуттук өлчөмдө аткарылган иштердин координациясынын түзүлөрүн жана эл аралык карым  - катнаштарды жүргүзөрүн айтты. Агенттиктин курулушу бул тармакта аткарыла турган иштердин координациясы үчүн абдан маанилүү.

Түрк Харб  -  Иш профсоюзунун билим берүү директору Таран Зенгиндин баа берүүсү.

 

 



Тектеш кабарлар