Кутубузга кат келди-13

"Кутубузга кат келди" кат келди аттуу уктуруубуздун кезектеги бөлүмү.

805078
Кутубузга кат келди-13

Урматтуу окурмандар, «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат.

Биз, бүгүнкү программабызды кыргызстандык   журналист  Эмилбек Момуновдун эскерме катына бөлдүк. Ал Түркия жергесинде  бир нече жолу болуп, өзүнүн  эскерүүлөрүн кеңири  жазган.  Кабар агенттиги аркылуу ТРТнын Түркия үнү  радиосунда  бир ай чыгармачылык командировкада болгон.  Мына ошолор тууралуу  автордун эскерүүлөрүн радиоугуучуларга   сунуш кылабыз. Ал мындайча эскерет:

«Кыялымдагы Түркияны кантип көрдүм?

Балким, дүйнө жүзүндө Түркияны укпаган, аны көрүүнү эңсебеген адам болбосо керек. Анткени биз, кыргыздар үчүн боордош бул мамлекет бир гана Европа, Азия жана Африка материктери жалгашкан тогуз жолдун тоомунда орун албастан, өзүнүн тээ жер жүзүнүн жарымына жакын аймагын дээрлик 600 жыл башкарган Осмон империясынан бери сактап келаткан тарыхы, тарыхый жайлары, туризмдин Меккесине айланган Анталья, Измир шаарларындагы курорттору, качан болбосун дүкөндөрү менен базарларында кийим-кечек, тамак-аштан тартып өзүнө сулуу кыздай азгырып турган берекеси аркылуу кызыктырып келет.

Сыягы, мен үчүн деле алгач кыялданып, андан соң барган чет мамлекетим Түркия болсо керек. Анткени биз бала кезде жакында эле Кыргыз эл артисти наамын алган белгилүү ырчы Алтынбек Сапаралиевдин айтылуу куудул Шаршен Термечиковдун сөзүнө жазылган “Кантың бар” деген ырында “Урубала Стамбулдун кызлары, биздин эшиктин алдында”,- деген саптар аябай мода болчу. Ошентип ушул ырдагы “Стамбул” деген сөз менин муунумдагы баардык эле жаштардын мээсине кыттай уюп, Стамбул шаарын көрүү Меккеге баргандай эле кыял болчу.

Орустар “кыялдар орундалат” деп айткандай, мен бала кездеги Стамбулду, Түркияны көрүү тилегиме журналисттик кесиптин арты менен жетип, сегиз жыл катары менен Түркиянын бир нече шаарларында болуу бактысына туш келдим. Алгач 1998-жылы Түркия Республикасы менен тилектеш Түндүк Кипр Түрк Республикасына чакырылган түрк тилдүү мамлекеттердин журналисттеринин катарына Кыргызстандан “Кабар” агенттигинде иштеген мен жана кесиптешим Нургазы Анаркулов экөөбүз кошулдук. Ноябрь айында алгач кар жаап, күн сууткан таңкы саат бештерде Бишкектин “Манас” аэропортунан учкан “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын учагы бизди кайра эле таң үрүл-бүрүл аткан 4-5терде Стамбулдун “Ататүрк” аэропортуна жеткирди. Ошол учурда түн уйкуну билбеген Стамбулдун жарыктары самолеттон караганда жылдыздардай өчүп-жанып, деңиз жээгиндеги шаарга ого бетер көрк берип тургандыгын биринчи ирет көрүп, жомоктор дүйнөсүнө кирип бараткандай болгонмун.

Андан ары эл кумурскадай жайнаган аэропортто бир ооз түркчө билбеген Нургазы экөөбүз Түндүк Кипрге уча турган терминал жакка кантип жетүүнү билбей жүрсөк, азербайжан боордош келип, “Силер Түндүк Кипрге барасыңарбы, журналист болосуңарбы?”,- деп калышты. Көрсө, бизден мурда келип, аэропортто отурган азербайжандык кесиптештерибиз жат короого түшүп калып, адашып жүргөн койдой болгон бизди дароо эле байкашкан экен. Ошентип коштоп, жол көргөзүп жүрө турган адамдар табылган соң биз өзүбүздү чоочун сезбей калдык. Кечке маал Стамбулдан Лефкошага учуп, түн ортосунда жеттик. Ал жерден бизди маданият министрлигинин он чакты өкүлдөрү тосуп алышып, отелге жеткирип, ар бирибизди бирден номерге жайгаштырышкан. Алыстан жол жүрүп, бир континенттен башка материкке баргангабы, аябай чарчап, таңга маал ойгонсом эле, үйдө эмес, чоочун жерде жатам. Балконго чыга калсам, астымда көк кара деңиз, ары жакта боз түстөгү кеме турат. Айтор бейиштегидей керемет жер экен. Эртең мененки тамактан кийин эле бизди белгиленген график боюнча шаардын ар кайсы тарыхый жана кооз жерлерине алпарышты. Алардын катарында 10 миңге жакын ар кайсы өлкөлөрдүн студенттери окуган университетте жолугушуу болду. Бул окуу жайдын ректору атайын биз менен Кыргызстандан барып билим алып жаткан студенттер менен жолугуштурду. Бир гана кыргызстандык студенттер бекер билим алышып, ал тургай ай сайын 200 доллардан стипендия алышарын укканда бул боордош түрк туугандардын бизге болгон өзгөчө сый-урматын деп түшүндүк.

Жогоруда айтылгандай, мен сегиз жылда Түркияга журналисттик ишмердүүлүк менен сегиз жолу бардым. Алардын ичинен 2010-жылы “Анадолу” агенттигинин 90 жылдыгына жана 2015-жылы “Кабар” агенттиги менен ТРТ телерадиокомпаниясынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин негизинде бир ай тажрыйба алмашууда болгондугум мен үчүн өмүрүмдөгү унутулгус күндөр катары кала берет.

“Кабар” агенттигинде иштеп жүргөн учурумда “Анадолу” агенттигинен 90 жылдык юбилейге чакыруу келип калды. Ал эми жетекчилигибиз мен жана Ырысбай Исаковду жиберүүнү чечишкен экен, айтылган күнү Стамбул аркылуу Анкарага учуп барып калдык. Көрсө, биз иш чара башталардан эки күн мурда барып алыптырбыз. Андыктан Анкарадагы бир топ кыргыздар менен жолугуп, таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Биздин барганыбызды уккан айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин кызы Алиман Океева атайын келип, Анкаранын тарыхый жерлерин кыдыртып, ТҮРКСОЙдун башкы директору, казак жараны Дүйсөн Касеинов менен жолуктурду. Дүйсөн ага бизди өзүнүн иш бөлмөсүндө кабыл алып, эки саатка жакын аңгемелештик. Ал бизден ТҮРКСОЙ тууралуу көбүрөөк жазып, Кыргызстанга таанытууну суранды. Мен ал маегибизди Кыргызстанга келгенде “Замандаш” журналына, “Кабар” агенттигинин сайтына жана башка маалымат каражаттарына кеңири чыгардым. Азыр да бул түрк элдеринин башын кошкон маданий мекеменин пресс-катчысы болуп иштеп жаткан Лаура Четин менен тыгыз кызматташып, ар кандай иш чараларды жазып, маалымат каражаттарына жарыялап жүрдүм. Арадан бир жылдан ашык өтүп, мага Анкарадан Алиман эже чалып, ТҮРКСОЙ тууралуу жазган макалаларымдын электрондук вариантын жиберүүнү, журналисттер арасында уюштурулган конкурска катышкандыгымды айтып калды. Мен заматта электрондук почта аркылуу баардык маалыматтарды жибергенден көп өтпөй эле “Сиздин макалаларды ТҮРКСОЙдун жетекчилиги кабыл алды, эми Анкарага сыйлык тапшыруу аземине келе аласызбы?”,- деп Алиман эже кайра чалып калды. Ошентип Кыргызстандан, кыргыз журналисттеринен алгач бул уюмдун сыйлыгын мен алгам.

Биз Д. Касеинов менен маектешип чыкканда өзүм курактуу бир кыргыз жигит күтүп туруптур. Ал ТРТнын кыргыз радиосунда иштеген, жетекчиси Алмазбек Асанбаев экен. Көрсө, Алмазбек Кыргызстандан барган ар бир эле кыргыздар менен жолугушуп, мекенге болгон сагынычы менен кусасын жазат окшойт. Биз алгач эле таанышканда кесиптеш, курбалдаш катары жакшы мамиледе болуп, байланышып турдук. Кийинки жылы да ТҮРКСОЙ мени Эскишехир шаары түрк өлкөлөрүнүн маданий борбор катары таанылган иш чарага конок катары азыркы маданият министри Түгөлбай Казаков экөөбүздү чакырып калды. Эми түрк туугандар маданий иш чараны биз, кыргыздардын тоюндай эле жогорку деңгээлде өткөрөт экен. Дүйнөнүн түрк тилдүү мамлекеттеринен башка да жүзгө жакын өлкөсүнөн конокторду чакырышыптыр. Ошол иш-чарага Анкарадан бир автобус кыргыздар атайын барышкан экен. Арасында менин досум Алмазбек да жүрөт. Алмазбек достору менен кечинде Түгөлбай агай экөөбүздү кафеге чакырып калышты. Сөздөн сөз чыгып отуруп, мен Алмазбекке “эгер “Кабар” менен ТРТнын ортосунда КТРК сыяктуу келишим түзсөк жакшы болот эле. Себеби биздин Ошту да көрбөгөн, самолетко өмүрүндө отурбаган журналисттер бар”,- деп калдым.

Кийин Анкарадан Алмазбек мага кызматташтык келишими тууралуу долбоорду жөнөттү. Мен өзүбүздүн жетекчиликке аны көрсөтүп, көндүрүп, кол койдурганча, Алмазбек өз жетекчилигинин макулдугун алганча бир жылдан ашык убакыт өттү окшойт. Акыры документ да даяр болуп, кол коюу иш чарасына ТРТнын Чет өлкөгө берүүлөр департаментинин башчысы Сулейман Эрдал мырза менен Алмазбек өзү Бишкекке келишти. Биздин директорубуз  “Бул сенин эмгегиң, алгач өзүң барасың”,- деген менен августта кол коюлган келишим октябрда гана ишке ашты. Себеби бизде ошол учурда парламенттик шайлоо болбодубу.

Мен Түркияга, Стамбул, Измир, Анталья, Анкара сыяктуу ири шаарларына көп эле барган менен бул ирет бир ай мамлекеттин башкы маалымат каражаты болгон ТРТда аралашып иштөө чоң тажрыйба болду. Жылдык бюджети үч миллиардга жакын, жети миңден ашык адам иштеген бул компания өзүнчө эле Кыргызстандын жарымына барабар. Журналисттер үчүн баардык шарттар түзүлгөн, материалдык, техникалык жактан камсыз болушкан. Балким, бул тууралуу дагы бир башка учурда кеңири эскерүү жазарбыз. Мен үчүн дагы бир баса белгилеп кете турган жагдай, менден кийин “Кабар” агенттигинен дагы 7-8 журналист ТРТга барышып, бир айдан тажрыйба үйрөнүшүп, бекер жатакана, тамак-аштан тышкары бир миң лирага жакын акча алышты. Жогоруда айтылгандай, өмүрүндө самолет менен Ошту көрбөгөн кесиптештериме ушундай шарт, тажрыйба алмашуу, мүмкүнчүлүк түзүп бергендигибиз үчүн эң оболу Азмазбекке ыраазымын”. Эмилбек Момунов

Эмилбек мырзага мен дагы ыраазычылыгымды билдирем. Өзүнүн күжүрмөндүгү менен ушундай ийгиликтерди багындырган кесиптешиме кандай мактоо айтсам дагы жетишсиз болот. Эмилбек мырзага ден-соолук, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалоо менен достугубуз дагы бекемдеп улана беришин тилеймин.



Тектеш кабарлар