Кыргызстанга иш сапар-3

"Кабар" маалымат агенттиги Бишкектин чок ортосунда жайгашыптыр.

333265
Кыргызстанга иш сапар-3

...Эртеси күнү эртең менен Эмилбек мырза келип биздин ал жайыбызды сурап машинасына салып алып кетти. «Кабар» маалымат агенттиги Бишкектин чок ортосунда орун алыптыр машинанын көптүгүнөн жер табыш да кыйын экен. Ал аңгыча «Кабар» агенттигинен бирөө чыга калып, тосмону ачып орун таап бере салды. Биз ичкери кирип «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин башкы директору Кубанычбек Таабалдиев мырза жана анын орун басары Тынчтыкбек мырза менен таанышып бир топко сүйлөшүп, кеңешип олтурдук. Андан соң «Кабар» маалымат агенттигин кыдырууга убакыт жетип Кубанычбек мырза өзү баштап бөлүмдөрдү тааныштырып жатты. «Кабар» маалымат агенттиги кыргыз редакциясы, орус редакциясы жана техникалык бөлүм болуп үч негизги бөлүмдөн турат экен. Андан тышкары штатка кирбеген топ тышкарыдан маалыматтарды которуу жана камсыздоо иштерине көмөк көрсөтүп тураарын башкы директор кошумчалап кетти. Сүлейман мырза да имараттын качан салынганын, совет доорунан калган имарат экенин, ушул сыяктуу имараттардын бардыгы бир өңчөй экендигин кызыгып сурап угуп жатты. Бардыгы 70 чакты кызматкер иштээрин ошол жерде уктук. Совет убагында бул имаратта 400 чакты журналист кызмат кылганын да айтышты. Ошондой эле «Кабар» агенттигинин жаңы долбоору менен тааныштырып, анда мамлекеттик органдарга болгон сын пикирлер жана мактоо сөздөр веб барактарда кандай деңгээлде болуп жаткандыгын анализдеген программанын үстүндө иштеп жаткандарын түшүндүрүп, ошол анализдин негизинде кайсы органдын өзүн кайсы жагынан түздөшү керек экендигине өбөлгө болуучу негиз түзүлөөрүнө токтолушту. Жай мезгили болгондуктан көпчүлүк кызматкерлер жайкы эс алуусунда жүргөнүнөн көпчүлүгү менен тааныша алган жокпуз. Ошол жерде олтурган аз сандагы кызматкерлер менен таанышып, учурашып өттүк. Андан соң маалымат жыйын өтүүчү залга баш бактык. Ал жерге адистер чакырылып бир теманын үстүндө кызуу талкуу жүрүп жатыптыр. Ар кайсы ММКлардан келген журналисттер шатыратып суроо берип жатышыптыр. Маалымат ушинтип таркайт экен да деген ой менен жолубузду уланттык. Ошентип «Кабар» агенттигин кыдырып чыккан соң, кол коюу аземине кезек келди. Кол коюдан мурда эскерте кетчү нерсе, бул келишимдин даярдалышы боюнча идея 2013-жылы кеч күздө Кыргызстандан Эскишехирге келген делегациянын арасында жүргөн Эмилбек Момунов мырза менен болгон таанышуубузда пайда болгон эле. Анкарадан бир автобус кыргыздар чогулуп Түрк дүйнөсүнүн шаан-шөкөтүн көргөнү Эскишехирге барганда «Түгөлбай Казаков агайыбыз Эскишехирге келиптир» деп угуп, кайтаар маалыбызда түн ортосу болсо да жолуга кетели деп айдоочуну мейманкананы көздөй айдаттык. Ошондо Түгөлбай Казаков менен кошо Эмилбек мырза биз токтогон жерге өтүп келишти. Түгөлбай агай «Эсимде» деген китебин жаңы чыгарыптыр бир нускасын мага белек кылып, окуп кой деген эле. Ошол китепти эмдигиче окуп бүтө албай жатканымды моюнга ала кетейин, бир барак окусам эле туулуп өскөн айылым эсиме түшүп оюм ай талаалап кетет...Эмилбек мырза «Кабар» агенттигинде кызмат кылып жатканын айтып ТРТ менен кандай кызматташса болоорун сурап калды. Мен дагы учурда КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип жатканын айтып, ошондой өңүттө кызматташа ала турганыбызды сунуштагам. Мына ошондон бери жазышып олтуруп, жазышуубуз бышып жетилип, расмиятка айланып акыры келишим түзүлүп олтурат. Башкы директор Кубанычбек Таабалдиев мырза менен башчыбыз Сүлейман мырза келишимге кол койгондон кийин, эки өлкөнүн өнүгүүсүн тилешип, кызматташуунун ийгиликтүү болушун каалашты. Андан соң түштөнө турган маал келип бизди Нават деген ресторанга алып барышты. Ал жерде кыргызча жасалгаланган өзүнчө бир бөлмөгө киргизип кыргыздын сый тамагын толук тартуулашты. Ал жерде Тынчтыкбек мырза тамашага чалып кеп салып олтурду. Өзү кыргыздын санжырасын толук изилдеп чыкканын айтып, менин уруумдун ким экенин сурап, Саяктар шок болоорун айтып, сен Түркияда жүрүп өзгөрүп кетипсиң деп күлдүрүп олтурду. Сүлейман мырза бир аз эт жеген соң бир жумалык нормасын аткарганын, эми бир жума эт жебей эле койсо болоорун айтып, урмат сыйга ыраазы болуп кубанычтуу чыкты. Биз ал жерден чыккан соң эртеси Сүлейман мырза Анкарага, мен Ысык-Көлгө жөнөөрүбүздү айтып, Бишкектин дүкөндөрүнөн азыноолак белек-бекчек алып алуубуз керектигин айтып Кубанычбек жана Тынчтыкбек мырзалар менен коштоштук. Бизди Эмилбек мырза коштоп соода борборун көздөй алып жөнөдү...

Сүрөттөрдүн толугу бул жерде!

Кабар бул жерде!

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар