Түркиядан көз ирмемдер - 4

Фригия цивилизациясы жана "Гордион"

123735
Түркиядан көз ирмемдер - 4

Тарыхчы Геродот жана географт Страбондун оюу боюнча фригиялыктар Анадолуга келгенден мурда Бригдер деп аталган жана Балкандардын түштүгүндө башкача айтканда азыркы күндүн Македония жерлеринде жашашкан. Б.з.ч 1200 – жылдарда болгон көчтөрдүн саясында фригиялыктар Чанаккале кысыгынан өтүп Мрамор деңизинин түштүк жана түштүк чыгыш жактарына жайгашышкан. Акырындап отуруп Орто Анадолуга карай аракетке өткөн фригиялыктар биздин заманга чейинки 110 - 1000 – жылдрага карай Полатлы аймагына жайгашып, Яссыхөйүктө Гордион деп аталган борбор шаар курушат. Фригиялыктардын борбор шаары Гордион Полатлыга 29 километр, Анкарага болсо 94 километр алыстыкта. Биздин заманга чейинки он биринчи кылымдын ортолорунда Анадолуга келгени билинген фригиялыктар саясий бир коомчулук катары жашаган, бирок биздин заманга чейинки 750 – жылдан кийин чыгышкан. Биздин заманга чейинки 725 – 695 – жылдардын арасында жашаганы билинген фригиялыктардын легендарлуу королу Мидас. Тарыхчылар король Мидастын король Гордиостун уулу экенин, шаарына бул королдун аты берилгенин ортого салган. Жаңы тарыхый булактарда Гордион катчысы : «Гордиондун шаары» деген мааниге келгени белгиленген. Гордиостун король болуусуна байланыштуу уламышты тарыхчы Арианос төмөнкүчө билдирет. «Айылдын калкы өздөрүнө бир король шайлагысы келет. Белгилүү бир киши туралуу келише алышпайт жана калк да ушул боюнча экиге бөлүнөт. Бир жол табуу үчүн айылга өгүз арабасы менен келген биринчи кишини король кылууга чечим чыгарышат. Айылга өгүз арабасы менен биринчи болуп келген Гордиос жана уулу Мидас. Ушундайча Гордиос Фригия королдугунун биринчи королу болот».
Ассирия документтеринде Мидас «Мускили Мита» деп аталат жана Ассирия королу экинчи Саргондун замандашы болот. Мурунтадан Каргамыш андан кийин Урарту жана Табал королдуктары менен Ассирияга каршы саясат жүргүзгөн король Мидас биздин заманга чейинки 709 – жылы чыгыштан келген көчмөн киммерлердин коркутууларынан кутулуу үчүн Ассириядан жардам суранат жана араларында достук келишими түзүлөт. Мунун артынан король Мидас Иония аймагындагы Киме шаарынын король кызы менен үйлөнүп Лидия королдугу менен да достук карым – катнаштарын курат. Биздин заманга чейинки сегизинчи кылымга таандык болгон батыш Анадолудагы Иония шаарларынын ыйык аянттары белек катары сунушталат жана  Фригия мезгилинде биздин заманга чейинки 696 – 695 – жылдардын арасында киммерлердин басып алуусуна учурап, шаарлары кулатылат. Бул жеңилүүгө чыдабаган король Мидас жанын кыят. Фригия мамлекетинин кулашынан кийин фриг бийликтери чоң Перс басып алуусуна чейин Лидия королдугуна караштуу принцтиктер катары жашоолорун улантышат.
Король Мидас тууралуу бир топ уламыш бар. Булардан эң көп билингени музыка кудайы Аполлон менен анадолулук Марсияс арасында болгон музыка жарышында судья болушу.
«Жети кылдуу лир аспабын таап адамзатка белек кылган музыка жана көркөм өнөрлөр кудайы Аполлон Эллендик ишеничине караганда жер жүзүндө эң жакшы музыканы чыгарат. Күндүн биринде Анадолудан Марсия деген бир чабандын Пан чоору менен Аполлондон дагы жакшы музыка чыгарганы боюнча сөздөр өлкөнүн ар тарабына жайылат. Муну уккан Олимпос кудайлары экөөсүнүн арасында  жарыш өткөрүүгө чечим чыгарат. Бул жарыштын судьясы катары да Фригиянын белгилүү королу Мидасты дайындашат. Эң оболу Аполлон лирин ойнойт, андан кийин Марсияс Пан чоорунан чыгышка таандык мелодияларын чагылдырат. Судья Мидас жарыштын жеңүүчүсү катары Марсиясты билдирет. Аполлон буга абдан кыжырданат. Лирин терс которуп, терсинен ойной баштайт. Марсиястын да аспабын ушундай ойноосун каалайт. Бирок, чоор бир тараптуу болгондуктан жана Марсияс муну аткара албайт. Аполлон Мидаска карап : «Көрдүңбү, ойной албайт. Сенде музыкалык кулак жок, ушул себептен сенин кулактарыңды эшектин кулагына айландырам»,- дейт жана Мидастын кулактарын эшектин кулагына айландырат. Мидас эшек кулактарын көп убакыт жашырат. Кулактары көрүнбөсүн деп башына фриг шапкасын кийет. Бирок чачтары абдан өсүп кетет жана бир күнү чач тарачка барууга мажбур болот. Чач тарачка көргөндөрүн эч кимге айтпашы керектигин суранат. Көп сүйлөгөн чач тарач эч кимге айтпайт бирок, акырында чыдай албай бир кудукка барат жана ал жерде «Мидастын кулактары эшек кулактары, Мидастын кулактары эшек кулактары»,- деп кыйкырат. Согуп жаткан шамал бул үндү алып Фригия өрөөнүнө жайылтат. Фригия өрөөнүндөгү саздактар шамалда толкунданган сайын азыр да бул сөздөр кайталанат».
Фригиялыктарга таандык көрүнүүгө боло турган жерлердин бири Полатлы жакындарындагы Яссыхөйүктө табылган Гордион шаары. Бул шаар дүйнө тарыхында македониялык Улуу Александрдан улам да билинет. Биздин заманга чейинки 333 – жылы кышты Гордиондо өткөргөн Александрдын бул жерде король Гордиос байлаган жиптерди бир кылыч соккусу менен чечкени айтылат. Фригия шаарында археологиялык казуулардын акырында эстелик бир каалга жана король үй – бүлөсүнө таандык үйлөр ортого чыккан. Коргондун орто бөлүгүндө орун алган имарат бир топ мегарондон турат. Булар эки бөлмөлүү үй тибинде болгон. Булардын арасында экинчи мегарон коюу кызыл, көк жана ак таштардан жасалган, геометриялык фигуралардан турган мозаика менен капталган. Гордиондо королдорго жана бай кишилер үчүн салынган 100гө жакын мазар бар. Бул мазарлардан эң чоңу 53 метр бийиктикте жана 300 метрдик машстабда болгон коргондор. Бул мазардын король Мидаска таандык экени ойлонулууда. Азыркы күндө мазар бөлмөсүнө 140 метр узундукта болгон бир туннель менен кирүүгө болот. Мазар бөлмөсүндө бир төшөктүн үстүндөгү скелеттин 60 жаштан ашкан, 1 метр 59 сентиметрдик бир эркекке таандык экени билинет. Бул мазарда сөөктүн жанында көп сандаган белектер да бар. Булардын арасында тогуз стол, үч чоң коло казан, 166 кичинекей коло идиш, 154 ийне бар. Бул табылгалардын бир бөлүгү эстеликтин ичинде орун алган музейде, көпчүлүгү болсо Анадолу цивилизациялар музейинде көргөзмөгө коюлган.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар