Курск согушу

Апталык анализ - 34

2179063
Курск согушу

       Украина армиясынын күтүлбөгөн учурда Россиянын Курск облусун басып алуусу азыр да улантылып, орус армиясынын каршы жооп кайтарууда кыйналып жаткандыгы байкалууда. 6 - августта башталган оккупация 1200 чарчы километр аянтка жайылып, 250 миңден ашуун орус жараны үй-жайын таштап качты. Бул күтүлбөгөн кадам орус армиясынын канчалык алсыз экенин дагы бир жолу көрсөтүп, орустар Донецк аймагында алдыга жылууга аракет кылууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

 2022 -  жылы  24 -  февралда Путиндин атайын аскердик операция буйругун бериши менен башталган Россия  - Украина согушу Курск облусунда Украина армиясынын каршы аракети менен жаңы этапка өткөндөй көрүнүүдө. 6 -  августта башталган кол салуу менен согуштун башынан бери биринчи жолу Украина армиясы орус жерлерин басып ала баштады. Украинанын башкы штабынын башчысы, генерал Александр Сырскийдин айтымында,  күчтөрү миң чарчы километр аянтты басып алышты. Аянттагы булактар колго алынган аймактын  1200 чарчы километрге жеткендигин билдирди. 84 калктуу пункттун учурда Украина армиясы тарабынан алынгандыгына байланыштуу далилдердин бар экендиги сөз болууда. Аянттан келген башка бир кабарга караганда  250 миң орус жараны аймактан качууга мажбур болду. Орустардын жашыл автобустары аймактын тургундарын башка жерлерге алып барууда. Эсиңиздерде болсо, Халепте  орустар да катышкан кол салуулар болгон мезгилде бул  жашыл автобустар менен Халеп калкы аймактан чыгарылып жаткан. Муну тарыхтын тамашасы катары кароо керек деп ойлойм.

Курск операциясынын стратегиялык мааниси

Курск олбусу Украина чек арасында маанилүү бир орус аймагы. Өзгөчө Донецк аймагына карата орус аскердик оккупациясы үчүн абдан маанилүү. Бул жер аркылуу логистикалык темир жол линиялары өтөт жана аймакта жаратылыш газ насостоо станциясы менен чоң атомдук станция бар. Албетте булардын тышында Украина армиясынын мындай ийгиликке муктаждыгы бар эле, кийинки айларда орустар фронт линияларында өзгөчө аскер санынын жетишсиздигинен улам үстөмдүк кыла баштаган.  Ошондой эле Израилдин Газадагы кыргындары жана ыктымалдуу Иран  - Израиль кагылышуусунун негизинде дүйнөнүн күн тартиби Жакынкы Чыгышка бурулуп, Украина бул абалдан тынчсызданып жаткан. Өзгөчө АКШда жакындап келе жаткан президенттик шайлоо жана Трамп  - Венстин Украинанын дагы көп колдой албайбыз деген позициялары олуттуу бир кыйынчылыкка себеп болууда. Ошондуктан Украина армиясынын Россиянын алсыздыктарын ортого чыгарып, кыска убакыттын ичинде чоң аймакты өз көзөмөлүнө алышы тобокелдүү, бирок чоң жана ийгиликтүү кадам болду.

   Оккупациядан бери жумалар өтсө да, орустар жетиштүү чеп куруп, украиналыктарды сүрүп чыгара алган жок, тескерисинче, Украина армиясы аймакта алдыга карай жылып, жетишкендиктерин арттыра баштагандай. Дагы көптөгөн орус аскерлеринин туткунга алынышы орус армиясынын олуттуу көйгөйлөрүнүн бар экенин жана командирлик, пландоо жана логистикалык жөндөмдүүлүгүнүн алсыз экендигин көрсөткөн бир жагда болду. Курск чабуулунун алгачкы сааттарында жүздөн ашык орус аскери туткунга алынды. Бул жагдай да Россиянын фронттун артында жетиштүү аскердик күчүнүн жок экенин көрсөттү.

 Ошондуктан Курск чабуулу менен Украина армиясы психологиялык үстөмдүккө да жетиши. Эми Путиндин ылдам жооп кайтаруусу, армиядагы структуралык маселелердин чечилиши үчүн катуу чечимдерди чыгарышы керек. Өзгөчө Курсктагы оккупация тереңдей турган болсо, Путин согуш жана толук мобилизация боюнча чечим кабыл алып, оюндун эрежелерин өзгөртүүгө туура келет. Орус армиясы учурда Донестк аймагында алдыга жылууга басым жасап, ал жакта жарым-жартылай ийгиликтерге жетишип жаткандай. Донецк толугу менен кулай турган болсо  орустар Курск кыймылына каршы кадам жасап, кайрадан колдорун бекемдей алышат. Натыйжада   Курск кадамы эки тарап үчүн кооптуу жана күтүүсүз чабуул болду. 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар