Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Өмүралиевди кабыл алды

Президенттик комплекстеги кабыл алуу басма сөз үчүн жабык өттү.

1960015
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Өмүралиевди кабыл алды
CMBK Erdoğan-TDT Genel Sekreteri Ömüraliev.jpg

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкарада президент Режеп Таййип Эрдогандын кабыл алуусунда болгонун Твиттер баракчасына жазды жана Казакстандын мамлекеттик телеканалына маек куруп берди.

Өмүралиев буларга орун берди: «Мен бүгүн Анкарада 🇹🇷 Президент мырза @RTErdogan тарабынан кабыл алынганыма сыймыктанам. Биз 16-мартта өтө турган мамлекет башчыларынын кезексиз саммитине болгон даярдыкка, Уюмдун келечектеги максаттарына жана перспективаларына баа бердик. Жакшы кабыл алганыңыз үчүн рахмат».

Өмүралиевдин Казакстан телеканалына куруп берген маеги

«Ушул аптада Түркиянын Анкара шаарында Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммити өтөт. Эл аралык жыйында жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча боордош өлкөгө колдоо көрсөтүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызматташуусу талкууланат.

Уюмдун мазмуну да өзгөрдү. Буга далил катары акыркы эки саммиттен кийин биздин уюмга түрдүү өлкөлөрдөн кызматташуу боюнча сунуштар түшө баштады. Биздин уюм тууралуу көптөгөн жерлерде ар кандай макалалар жарыяланып, уюмдун ишмердүүлүгү, акыркы Самарканд саммитинин жыйынтыгы, уюм ишке ашырып жаткан долбоорлор тууралуу көптөгөн оң пикирлер айтылды. Мунун баары уюмдун аталышы гана эмес, анын мазмуну да өзгөргөнүн билдирет.

Биздин уюм үчүн экономика абдан маанилүү. Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөр бири-бири менен экономикалык жактан тыгыз байланышта болсо, миңдеген жылдардан бери уланып келе жаткан карым-катнашыбыз ого бетер бекемделет. Экономиканын ар кандай багыттары боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Туризм, соода, бажы тармагында биргелешкен долбоорлорубуз бар. Мындан тышкары жалпы инвестициялык фонд түзүлдү. Бул боюнча мамлекет башчылары бирдиктүү келишимге келишти.

Бул акыркы 100 жылдагы эң чоң кырсык. Жер титирөөдөн кийин жүздөгөн уюмдар жардамга келишкен. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Түркия тарап менен байланышып, көңүл айтышты. Кырсыктын экинчи күнү куткаруучулар менен дарыгерлерден тышкары азык-түлүк, кийим-кече сыяктуу гуманитардык жардамдар жеткирилди. Бир тууган түрк тилдүү мамлекеттердин мындай жардамынын түрк эли үчүн орду өзгөчө. Ал алардын жүрөгүн жылытты. Эми 16-мартта Анкара бул кырсыкка байланыштуу биздин уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бейформал саммитин өткөрөт. Бул жыйында Түркияга жардам берүү боюнча чечим кабыл алынат».



Тектеш кабарлар