2023 - жылга карай түрк тышкы саясаты

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

1929074
2023 -  жылга карай түрк тышкы саясаты

Түркиянын Украина согушундагы тең салмактуулук саясаты Украинадагы согушка гана тиешелүү эмес, биринчи кезекте өзүнүн стратегиялык автономиясын камсыз кылуу, экинчиден, геосаясий артыкчылыктарын түрдөнтүү үчүн кеңири стратегиялык жана геосаясий багыттын бир бөлүгү. Түркиянын Батыш менен карым - катнаштары 2023 - жылы кызматташтык жана тең салмактуулукту издөө алкагында уланат. Украинадагы согуштун уланышынын негизинде Түркиянын азыркы тең салмактуулук жана бейтараптык саясатын 2023 - жылы да сакташын күтүү керек. 2023 - жылы жаңы сүйлөшүү  айлампасы ортого чыгышы мүмкүн жана Түркия бул мүмкүнчүлүктөрдү жетектеп, демилгени колго алат.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

Түркиянын тышкы тышкы карым  - катнаштарында «соода мамлекети» мүнөзүнүн 2023 -  жылы да улантылышы мүмкүн анткени экономикалык кыйынчылыктар кыска убакытта чечиле тургандай эмес. Өзгөчө дүйнө экономикасынын глобалдык эпидемиянын оор чыгымдарынын таасиринде болууну улантышы жана 2023 -  жылы глобладык рецессия күтүлүп жаткандыктан, Түркиядан башка дээрлик бардык өлкөлөр үчүн экономикалык тынчсыздануулар борбордук жер болот.

Бул экономикалык көз карашка параллель түрдө Түркия менен өнөктөштөрүнүн ортосунда уланып жаткан нормалдашуу/макулдашуу процессинин 2023 - жылы улантылышы жана тереңдеши күтүлүшү керек, анткени процесстин башталышына шарт түзгөн жагдайлар 2023 - жылы да  күчүндө болот.

Түрк тышкы саясатынын салыштырмалуу жаңы бөлүгү болгон коргонуу өнөр жайы 2022 - жылы болгондой эле  2023 - жылы да токтобостон өсүүнү улантат. Түркия буга чейин «дрон дипломатиясы» же «коргонуу дипломатиясы» деп аталып келген коргонуу продукциясын экспорттоо базарларын сандык жана сапаттык жактан кеңейтүүдө ылдамдыкка ээ болду.

Украинадагы согуш Россиянын көптөгөн өлкөлөргө коргонуу продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн бир топ кыскартты жана согуш келерки жылы дагы созула тургандыктан, Россиянын потенциалы 2023 - жылы дагы азаят. Түркия өзгөчө Азия, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Латын Америкасында Россия түзгөн боштукту толтурууга даярданууда.

2023 -  жылы Түркиянын жана Түркия ичинде жана Түркия тышында  террор менен күрөшүү аракеттери улантылат. 2022  - жылы Түркиянын террор менен күрөшүү операциялары өзгөчө Түндүк Иракта дагы да тереңдеди. Бирок Түркия операциялык жана стратегиялык максаттарына толугу менен жетише элек. Ушул себептен Түркиянын Түндүк Иракта уланып жаткан террор менен күрөшүү операцияларын акырына чыгаруу аракетинде болушу жана өзгөчө Түндүк Сирияда белгиленген ЙПГ лидерлерине жана мүчөлөрүнө карата операцияларын  улантуу ыктымалы бар. Стамбулдагы бомбалуу кол салуу көрсөткөндөй ЙПГ коркунучу  Түркия үчүн кинетикалык болгондуктан Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү ЙПГ көзөмөлдөгөн аймактарга каршы чек арадан өткөн аскердик операциясы 2023 - жылы ыктымалдуу көрүнүүдө.

2023 – жылы Түркия  - АКШ карым  - катнаштарында эң маанилүү маселе сенаттын тышкы карым  - катнаштар комитетинин төрагасы Боб Менендес бөгөт койгон жаңы партия Ф - 16 согуштук учактары менен модернизация комплекттерин Түркияга экспорттоо болот. Түркиянын Сириянын түндүгүндө ЙПГга карата чек арадан өткөн аскердик операциясы да эки тараптуу карым - катнаштарды чыңалтуу коркунучун алып келет. Байдендин 2023 -  жылдагы Түркия президенттик шайлоосунан мурда каалаган иш  -  аракетине жараша Байден өз шайлоосунда болгондой ачыкча Эрдоганга каршы позицияны кармана турган болсо түрк ички саясаты да эки өлкөнүн ортосунда чыңалуунун булагы болушу мүмкүн.

Түрия  -  Греция карым  - катнаштарында Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги аймактар аркылуу  күчөө ыктымалы жогору. Грециянын Криттин болжолдуу деңиз зонасы  аркылуу Түркия  -  Ливиянын эки тараптуу болуп чектелген эксклюзивдүү экономикалык аймактарынын ортосундагы кагылышуу 2023 -  жылы Түркия менен Грециянын ортосунда бир туңгуюкка себеп болушу мүмкүн. Анткени Греция аймакта углеводороддорду изилдөө үчүн ири энергетикалык компаниялар менен келишим түзгөн. 2023 -  жылдын ортолорунда Түркия жана Грецияда боло турган шайлоолор менен чыңалууну азайтуу жана үчүнчү тараптын кийлигишүүсү үчүн дипломатиялык жана геополитикалык маневр жөндөмдүүлүгү чектелүү болот. Мындан тышкары Түркия  -  Греция эки тараптуу чыңалуусу Түркия  -  АКШ карым  - катнаштарында да динамикалуу абалга келди. Ошондуктан 2023 -  жылы Түрия  -  Греция карым  - катнаштарында боло турган чыңалуулардан Түркия  -  АКШ карым – катнаштарынын да таасирлениши мүмкүн экендиги белгилүү.

Түркия - Азербайжан карым - катнаштарында эки тараптуу карым - катнаштардын стратегиялык сапатынын 2023 - жылы да бекемделиши күтүлүүдө. Түркия Азербайжандын  бошотулган Карабах аймагынын өнүгүүсү, турукташтырылышы жана аскердик кызматташтыктын улантылышы үчүн колдоосун улантат. Ошондой эле Азербайжан менен Армениянын ортосундагы аскердик чыңалууга жол бербөө үчүн аракеттерин күчөтөт.

2023 -  жылы Түркиянын Азербайжан менен карым  - катнаштарынын орбитасынын да кенен энергетикалык геоплитиканын жыйынтыктары болот. Путиндин Түркияны энергетика базасы кылуу сунушу ишке ашса да ашпаса да Азербайжандан Түркия аркылуу Европага чейин созулган учурдагы энергетика коридорунун Түркмөнстанда да ыктымалдуу сатып алуу көлөмү жогорулатылышы мүмкүн.

Украинадагы согуш 2023-жылы да уланат жана Түркиянын күн тартибиндеги негизги орду сакталат. Түркия Киев жана Москваадагы таасирин пайдаланып, Дан келишимин мезгил-мезгили менен жаңыртуу аракетин улантат. Түркия ошондой эле 2023-жылга чейин тараптардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн  кайра баштоо жана  чыңалууну азайтуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот.

2023-жылы Жакынкы Чыгыштын үстөмдүк кылган күн тартиби көптөгөн өлкөлөрдүн арасында уланып жаткан нормалдаштыруу/макулдашуу аракеттери болот. Аймактагы нормалдашуу/макулдашуу аракеттеринин улантылышы үчүн эң чоң коркунуч ашынган оңчулдарды камтыган Израилдин жаңы өкмөтү болот. Чыгыш Кудс менен Газада олуттуу чыңалуу нормалдашуу/ макулдашуу  процессинин  «Ибрахим келишимдери» жана Түркия-Израиль таасиринин издерин сынашы мүмкүн.



Тектеш кабарлар