2023 – жылы Түркияны күткөн маселелер

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун баа берүүсү.

1924909
2023 – жылы Түркияны күткөн маселелер
rusya-ukrayna.jpg
suriye.jpg
libya gocmenler.jpg

   Түркия абдан татаал географияда чоң мамлекет болуу күрөшүн улантууда. Айланасы бир от чамбары сыяктуу. Бир тараптан уланып жаткан Россия  -  Украина согушу, бир тараптан Сириядагы жарандык согуш жана мамлекеттик бийликтин кулашы, террор жана качкындарды кыйын абалга алып келүүдө. Иракта туруктуулук түзүлө албастан, Иранда социалдык окуялар, митингдер жана кагылышуулар улантылууда.

Кавказияда болгон чыңалуулар, Карабах согушу жана Греция менен болгон маселелер. 2022 -  жылында Түркия үчүн чоң кыйынчылыктар болду. Булар чоң өлчөмдө башкарыла алды. Эми 2023 -  жыл турат алдыбызда. Дагы чоң коркунучтар бирок ошол эле учурда мүмкүнчүлүктөр да бар.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.

     Гоеграфия тагдыр. Түркиянын да тагдыры Европа менен Азия кесилишкен жерде Жакынкы Чыгыш менен чырмалышкан  өтө татаал географияда орун алышы. Бул жер дүйнөнүн жүрөгү, глобалдык энергетика булактарынын борбору жана ошол эле учурда Европа жана Азиянын ортосундагы көпүрө.

 Бул  география ошондой эле глобалдык күч күрөшүнүн борбору, чоң державалар аймактык державалар жана мамлекеттик эмес актерлор менен прокси согуштары менен күрөшүп жаткан география. Өзгөчө 11 -  сентябрдагы кол салуулардан кийин АКШнын Афганистан жана Иракты басып алуусу менен аймактын динамикалары толугу менен баш  - аламан болду. Арап жазынын таасири азыр да сезилүүдө. ДЕАШ жана ПКК сыяктуу террордук уюмдар ортого чыгып, азыктанган туруксуздуктан сөз кылуудабыз. Түркия булардын баары менен күрөшүп эми да алдына Россия  -  Украина согушу алып келген гео – политикалык таасирлер менен беттешүүгө мажбур болууда.

   2023 -  жыл үчүн негизги белгилөөчү маселе албетте Россия  - Украина согушу болууну улантат. Согуштун узай тургандыгы бегилүү жана жарата турган таасири да абдан чоң болот. Глобалдык энергия менен камсыздоодо Россияга жасалган санкцияларга таянган чектөөлөр улантылып, азык  - түлүк жана башка товарларда да ушундай көрүнүш сөз боло алат. Кыш айларынын өтүшү менен согуштун күчөшү да күтүлүшү мүмкүн жана бул табигый түрдө Кавказдан Борбор Азияга жана Жакынкы Чыгышка чейинки көптөгөн аймактарга жана күч баланстарына таасирин тийгизет. Түркия үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жана коркунучтарды камтыган процесстер сөз болууда. Акырында 2023 - жылы 3 - жол деп айтылган позициясын сактап калат, бирок айрыкча батыштыктар тарабынан санкцияларга көбүрөөк басым жасалаары да анык. Бирок Түркия Украина менен Россиянын ортосундагы тең салмактуу позициясын сактоо менен өзгөчө глобалдык энергия жана азык-түлүк жагынан өзүн маанилүү позицияда кармоону улантат. Россия жакынкы географияларында бийлик боштугуна алып келе турган кыймылдарды кылышы мүмкүн. Карабах маселеси, Зенгезур коридору, түркмөн газынын Каспий аркылуу Түркияга өтүшү, Сирияда ПКК/ЙПГга карата таштала турган кадамдар айрым ыктымалдуу маселелер катары алдыбызга чыгууда.

Албетте Түркия үчүн Россия - Украина согушунан тышкары Сирия жана Иракка негизделген маселелер да бар. Бул эки өлкөнүн жеринин бүтүндүгү Түркия үчүн абдан маанилүү. Түркия, Россия жана Асад режиминин оросунда үч тараптуу форматта сүйлөшүүлөрдүн башталышы мүмкүн бирок режим Түркиянын талаптарына жооп берүүнү каалбагандай көрүнүүдө. Ошондуктан Түркия бир тараптуу аскердик кыймылдарды улантууга мажбур болушу мүмкүн. Иракта болсо 2023 – жыл белгисиз. Ирандын күч алган таасири, жогорулаган Ирак улутчулдугу кагылышуу потенциалына ээ. ПКК/ЙПГ эки өлкөдөгү туруксуздуктардан пайдалануу аракетинде. Ушунун негизинде 2023 -  жылы террор менен күрөшүү негизги күн тарип беренелеринин бири болот.

2023 -  жылы Түркия үчүн 2022 -  жылы башталган Жакынкы Чыгыштагы нормалдашуу процесси дагы да күчөй турган жыл болот. Өзгөчө Бириккен Арап Эмираттары, Израиль жана Сауд Арабия менен башталган жана улантылып жаткан процесс Египет менен улантылат. Жакынкы Чыгыштагы  бардык тийиштүү актерлор жоготуулар түрмөгүнөн чыгуу аракетинде бул да Түркия үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.

 

 



Тектеш кабарлар