Энергия согуштары

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун пикири.

1808686
Энергия согуштары

Россиянын Украинага басып кириши менен башталган процессте энергиянын курал катары колдонулганына дагы бир жолу күбө болдук. Гибриддик согуш концепциясында энергетикалык карта кадимки ыкмалар менен бирге инструменттештирилген жана согуш куралы катары каршылаштарга каршы колдонулган элементке айланды. Россия мунай жана жаратылыш газ менен камсыз кылуучу күчүн пайдаланса, АКШ тескерисинче Россиянын энергия экспорттоосуна бөгөт коюуга аракет кылууда. Ушунун негизинде албетте, энергиянын баасы да өсүүдө.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун пикири.

Россиянын Украинаны басып алышы менен бирге Евразиядагы гео саясий  тең салмактуулук да олку – солкуланып,  башка бир нече фактор менен бирге глобалдык энергия  базарлары да олуттуу өзгөрүүчүлүктүн ичине кирди. Бренд мунайдын баррель баасы күтүлбөгөн жерден 130 долларга чыгып рекорд жаңылады.

Негизинен дүйнөнү энергия базарлары тууралуу да тынчсыздандырган негизги фактор албетте Россиянын энергия өткөрүүдө мунай жана  жаратылыш газ боюнча биринчи үчтө орун алышы.

Энергия өткөрүү Россиянын күчтүү жана алсыз дагы жагы. Орус экономикасы  жыл сайын жүз доллар  киреше алып, ошол эле учурда тийиштүү экспортко таянган бир экономикага да ээ. Муну  билген АКШ Украинанын оккупацияланышынын башталышы менен бирге акырындык менен болсо да орус энергия өткөрүүсүн чектөөгө өзгөчө да  европалык өлкөлөрдүн альтернативдик булактарга багыт алышына мүмкүнчүлүк түзүп, бул энергия экспортун азайтууга аракет кылууда. Албетте бул жерде Европа Биримдигинин мүчөлөрүнүн Россияга өзгөчө жаратылыш газга болгон  көз карандылыгын стратегиялык бир алсыздык катары ортого чыгышы бул өлкөлөрдүн Россияга болгон саясаттарына таасирин тийгизет. Башта Германия, Италия жана Франция сыяктуу негизги өлкөлөрдүн 40 – 50  пайызынын Россияга көз каранды болушу азыр орто жана узак мөөнөттүү келечекте өз саясатын аныктоодо олуттуу кыйынчылыкка туш болууда.

Акыр-аягында Украинадагы согуш кандай аяктабасын, бул Россия үчүн орто жана узак мөөнөттүү келечекте олуттуу стратегиялык жоготууга алып келет. Европа Биримдигине кирген  өлкөлөрдүн Россияга болгон көз карандылыгы бир нече жылдан кийин бүтөт жана бул өлкөлөр Россияга каршы бир топ күчтүү түрдө саясат чыгара алышат. Бул процесстен Россиядан башка энергия өндүрүүчү өлкөлөр салыштырмалуу пайда көрүшөт. Иран жана Венесуэла өңдүү өлкөлөрдүн дагы дүйнөлүк энергетика рыногуна кайтып келүү ыктымалы жогору.



Тектеш кабарлар