Гаргаш: «Эрдогандын БАЭге сапары эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарда жаңы оң барак ачат»

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахайяндын дипломатиялык кеңешчиси Анвар Гаргаш социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Эрдогандын бүгүн баштала турган сапары тууралуу баа берди.

1778001
Гаргаш: «Эрдогандын БАЭге сапары эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарда жаңы оң барак ачат»

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахайяндын дипломатиялык кеңешчиси Анвар Гаргаш, президент Режеп Таййип Эрдогандын Абу-Дабиге сапарынын эки тараптуу карым-катнаштарда жаңы оң барак ача турганын айтты.

Анвар Гаргаш социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Эрдогандын бүгүн баштала турган сапары тууралуу баа берди.

Гаргаш: «Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахайяндын Түркияга жасаган сапарынан кийин президент Эрдогандын БАЭге сапары эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштарда жаңы оң барак ачат»,-деди.

Бул сапардын БАЭнин аймактын ырааттуулугу жана гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган кызматташтык көпүрөлөрүн бекемдөө тенденцияларына дал келгенине көңүл бурган Гаргаш, элдердин жыргалчылыгын ошондой эле аймактын өнүгүүсүн жана туруктуулугун колдоо үчүн БАЭнин дүйнө өлкөлөрү менен байланыш каналдарын бекемдөөнү уланта турганын белгиледи..

БАЭ саясатынын оң жана рационалдуу түрдө аймактык өнүгүү жана тынчтыкты жактаганын белгилеген Гаргаш: «Түркиянын президенти Эрдогандын Абу-Дабиге сапары да бакубат келечекти камсыз кылуу үчүн карманып жаткан ушул багытта жүрүп жатат»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын чакыруусу менен 14-15-февраль күндөрүндө Бириккен Араб Эмирликтерине расмий сапар менен барат.

Президент Эрдогандын сапарынын алкагында боло турган жолугушууларда Түркия менен БАЭнин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар ар тараптан бааланып, кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Эрдоган ошондой эле «ЭКСПО 2020 Дубай» дүйнөлүк жарманкеге барат жана «Түркиянын улуттук күнү» деп белгиленген 15-февралда Түркиянын көргөзмө аянтына учурайт.



Тектеш кабарлар