Климаттын өзгөрүшү тобу менен көчүүлөргө себепчи болушу мүмкүн

Дүйнөлүк банк климаттын өзгөрүүсүнүн миграцияга тийгизген таасирин анализдеген «Groundswell» аттуу отчетун, Түндүк Африка, Чыгыш Азия, Тынч океан, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия региондорун камтыгыдай түрдө кошуп жаңылады.

1706008
Климаттын өзгөрүшү тобу менен көчүүлөргө себепчи болушу мүмкүн

Климаттын өзгөрүшү 2050 -жылга чейин дүйнөнүн 6 аймагынан 216 миллиондон ашык кишини ички миграцияга мажбурлай турганы болжолдонгон.

Дүйнөлүк банк климаттын өзгөрүүсүнүн Түштүк Азиядагы, Латын Америкасындагы жана Сахаранын астындагы Африка аймактарында миграцияга тийгизген таасирин анализдеген биринчи жолу 2018-жылы жарыялаган «Groundswell» аттуу отчетун, Түндүк Африка, Чыгыш Азия ,Тынч океан, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия региондорун камтыгыдай түрдө кошуп жаңылады.

Отчетто айтылгандай, климаттын өзгөрүшү каралып жаткан 6 аймакта миграциянын барган сайын эффективдүү себеби боло баштады.

Климаттын өзгөрүүсүнүн суу ресурстарына, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүнө жана деңиз деңгээлинин жогорулашына тийгизген таасири күн санап жогорулап жатса, бул абал кээ бир региондордун жашоо жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүүдө.

Климаттын өзгөрүшү жакыр жана аялуу аймактарга эң катуу сокку ураарын жана өнүгүүнүн жетишкендиктерине коркунуч келтирээрин көрсөткөн отчетто айтылгандай, климаттын өзгөрүүсү 2050 -жылга чейин 6 региондон 216 миллиондон ашык адамды ички миграцияга мажбур кылышы мүмкүн.

Бул көрсөткүч ошол эле мезгилде региондордун болжолдонгон калкынын 3 пайызына туура келет.

Бул Сахаранын түштүгүндө 85,7 миллион климаттык мигранттар пайда болушу мүмкүн деп болжолдонууда жана бул көрсөткүч региондун жалпы калкынын 4,2 пайызын түзөт. Сахаранын түштүгүндөгү Африка, анын кургак жерлери жана жээк сызыгы климаттын өзгөрүшүнөн жабыркаган, эң алсыз аймак катары айырмаланат.

Чыгыш Азияда жана Тынч океанда 48,4 миллион (2,5 пайыз), Түштүк Азияда 40,5 миллион (1,8 пайыз), Түндүк Африкада 19,3 миллион (9 пайыз), Латын Америкасында 17, 1 миллион (2,6 пайыз) жана Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы 5,1 миллион (2,3 пайыз) адам климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ички миграцияга аргасыз болушу мүмкүн.

Калктын санына салыштырмалуу эң жогорку ички миграцияга дуушар боло турган Түндүк Африка аймагында суунун тартыштыгы жана деңиз деңгээлинин жогорулашы бул аймактарда жана Нил Дельтасында жашаган адамдарга таасир этиши мүмкүн деп божомолдонууда.

Отчетто, «Климаттын өзгөрүшү социалдык-экономикалык шарттарды жана жашоо-тиричиликти өзгөртө алат, элди кыйналгандыктан көчүүгө мажбур кылат. Эгерде буга каршы эч кандай пландаштырылбаса, жөнөтүүчү жана кабыл алуучу аймактар ​​чоң кысымга дуушар болушат. Ички жана тышкы миграциянын себебинен 2030 –жылдарда кооптуу зоналар пайда болот жана бул зоналар 2050 -жылга чейин көбөйөт»,деп эскертилген.



Тектеш кабарлар