Онунчу жылында Сирия кризиси

СЕТАнын коопсуздук  изилдөөлөр боюнча директору доцент Мурат Йешилташтын Сирия кризис тууралуу пикири.

1605342
Онунчу жылында Сирия кризиси

Сирияда 10 жылдан бери болуп келе жаткан жарандык согуш дагы деле чечиле элек. Жүз миңдеген сириялык каза болгон, 7 миллионго жакын адам да өлкө тышына чыгууга мажбур болгон бул трагедия бүткүл дүйнөнүн көз алдында   уланууда.

2011 -  жылы март айында башталган митингдерди элин жазаландыруучу  зомбулук менен кабыл алган Асад режими болсо дагы деле ордунда. БУУ жана башка эл аралык уюмдар АКШ менен Европа Биримдиги сыяктуу актерлордун эч бири  кенен масштабдуу жол таба алышпады. Россия менен Иран сыяктуу актерлор да маселенин дагы көп тереңдешине себеп болду.

Сириялыктар үчүн колунан келгенден ашыкчасын аткарган өлкө эч шексиз Түркия. Президент Эрдоган демократия, эркиндик жана адам укуктары кайрадан мода болгон күндөрдө батышты Түркиянын Сирияда  жарандык согушту акырына чыгарууга жардам берүүгө чакырган макала  жазды. Түркиянын миллиондогон качкынды тосуп алгандыгын, ДЕАШ террордук уюм жана башка террордук топторго  каршы аскердик күчтөрүн колдонгон өлкө болгондугун жана террордон  тазаланган жерлерде жергиликтүү элементтер менен бирге коопсуз аймактарды кургандыгын эске салды.

Вашингтон болсо артта калтырган 10 жылда эч бир чечүүчү жол тапкан жок. Эми болсо Сирия кризисине карата жаңы бир саясат издеп жаткандыгы байкалууда. Демократ Байден башкаруусу үчүн Сирия «демократия жана адам укуктары» деген сөздөр сынала турган бир аянт катары алдыңкы планга чыккандай көрүнүүдө. Эрдогандын жаңы башкарууга берген билдирүүсү да : «Байден башкаруусу кампания мезгилинде берген убадаларында туруп, Сириядагы трагедияны акырына чыгаруу жана демократияны коргоо үчүн биз менен бирдикте иштеши керек»,- болду. Байден башкаруусу гуманитардык жардам тууралуу бир аз көңүл буруп жана террордук уюм ПККнын уландысы ЙПГни  колдоп Сирия досьесин жаба турган болсо Обаманын жаңылыштыгын кайталаган болот.

Президент Эрдогандын чакыруусу бир гана АКШ менен эле чектелбейт. Жазуунун Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинен мурунку мезгилге туш келтирилиши да бул жактан алып караганда абдан маанилүү. Европа Биримдигинин Сирия маселесине толугу менен кандай мамиле кылары белгисиз. Түркиянын адамзатык негиздерге таянган Сирия саясаты болбосо бүгүн Европа Биримдиги борбор шаарларынын дээрлик баарында ашыкча оңчул партиялар бийликте болмок. 

Батыштык лидерлер Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймактарга жасалган ЙПГ кол салууларына да  атылган орус ракеталарына да каршы турушу керек. ЙПГ коопсуз аймактарга жалпы 224 кол салуу жасады. Булардан 64тү бомбалуу унаалар менен жасалган кол салуу, 64тү колдо жасалган бомбалар менен жасалган кол салуу, 51ри куралдуу кол салуу, 19зу минометтор менен жасалса, 9зу да ракеталык кол салуу.

Анкаранын көзөмөлүндөгү коопсуз аймактарда жана Идлибде 4 – 5  миллион сириялык жашап жатат. Түркия ичиндеги 4 миллион баш калкалоочуну да буга кошо турган болсоңуз Сириянын калкынын жарымы Түркиянын коопсуздук жана баш калкалоо чатыры астында. Бул чындык АКШ жана Европа Биримдигинин коопсуз аймактардын курулушуна жардам бериши керектигин көрсөтүүдө. Сирия теңдемесинде Анкаранын дагы таасирдүү абалга келиши  батыш борбор шаарларынын пайдасына болот.

Сирия кризисинин онунчу жылында да кризисти чечүү үчүн бир жол картасы түзүлө элек. 21 -  кылымдын эң чоң трагедиясы  болгон Сирия кризиси чечилбестен аймактын туруктуулугу да мүмкүн эместей көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар