Ливияда тең салмактуулук өзгөрүүдө

СЕТАнын коопсуздук боюнча иликтөөлөрүнүн директору, жазуучу доцент доктор Мурат Йешилташтын Ливия тууралуу пикири.

1443988
Ливияда тең салмактуулук өзгөрүүдө

Түрк тышкы саясатынын жакынкы күнүндө Ливияга окшогон башка бир окуя болгон жок. Түркия Ливияда аскердик күчүн колдонуу менен ийгиликке жетти. Болгон абалдарга кезеги менен кароо керек.

 2019 -  жылы апрель айында  баштаган козголоң кыймылы менен Триполинин ички маалаларына чейин кирген козголоңчу Хафтер  Түркия Ливияга кийлигишпегенде Триполини колго алып, Улуттук ынтымактык өкмөтүн ал жерден чыгармак. Триполини кулатуу менен бирге Түркияны Жер Ортолук деңиздеги өлчөмдүү геологиялык конкуренцияда коргоочу позицияда жалгыз калтырмак. Бул натыйжага тоскоол болуу үчүн Түркия эки бөлүмдөн турган бир стратегия жүргүздү. Оболу Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн фронтто кагылышууну уюштуруусуна мүмкүнчүлүк түзө турган кенен бир аскердик стратегияны жүргүздү. Ушундайча фронтто дайыма Хафтерге жеңилген Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү өз араларында ийгликтүү уюмдашып позицияларын бекемдеди. Экинчиден Түркия Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүн Хафтердин алдында аскердик жактан колдоо көрсөтүп чабуулга өтүшүнө мүмкүнчүлүк түздү. Акыйкаттан да ок өткөрбөс унаалардан учкучсуз аба аппараты жана куралдуу учкучсуз аба аппараттары Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүнө кургактыкта кыймылдуулук жана ылдамдыкка ээ кылып абада да Хафтердин алдында үстөмдүк куруу мүмкүнчүлүгүн берди.

Бул процесстин акырында Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү Хафтердин  токтотула алары боюнча үмүттөнө баштады. Акыйкаттан да Хафтер оболу  Триполинин түштүгүндөгү аймактарды жоготту, андан кийин артка чегинүүгө мажбур болду.

Ватийенин алынышы бир тараптан Триполиге карата операция кысымын азайтып, бир тараптан да Хафтер элементтерине каршы операция варианттарын түрдөнттү. Акыйкаттан да Ватийенин  колго алынышынан кийин оболу Терхуна кулады андан кийин да Сиртеге карата кенен бир кыймыл башталды. Мындан кийин ийгиликтердин стратегиялык бир жетишкендикке айландырылышы дагы маанилүү. Түрк жетекчилер 17 -  июнда Триполиге жогорку деңгээлде сапар менен барды. Сапардын максаты абдан ачык : Ливияны бир бүтүн абалга алып келип ырааттуулукка жеткирүү. Мында ийгиликке жетишилгенде Түркиянын Жер Ортолук деңиз өлчөмдүү алдыңкылыктарын дагы көп ишенимдүү абалга алып келиши жана Жер Ортолук деңизинде  аймактык бир актер катары өзүн кабыл алдырышы мүмкүн болот. Бул максаттын ишке ашырылышы болсо аянтта жетишилген ийгилик  дипломатиялык пайдубалдын негизинде  жүргүзүлүшү менен гана мүмкүн болот. Бул жерде бир канча жагдайды баса белгилөө керек.

Жайгдайлардын  бирөөсү Ливия маселесин Сауд Арабия  - Бириккен Араб Эмирликтери контекстиндеги аймактык бир маселе болушу. Бул Түркиянын маневрларын маанилүү өлчөмдө тарайтууда. Түркиянын ар бир үч өлкө менен да эки тараптуу деңгээлде маселелери болгондой эле  аймактык көз караштар жактан да маанилүү айырмачылыктар сөз боло алат. Ливияда Түркия ээ болгон позиция бул үчтүк союздаштыкты дагы да кыжырданткандай. Бирок  ливиядагы акыркы саясий чечүүчү жолго жетишүү үчүн бул өлкөлөрдүн процесстин ичинде  экени билиниши керек. Бул үчүн  бул өлкөлөрдү дипломатиялык негизде кароо абдан маанилүү. Бул жерде Россия менен Түркиянын ортосунда Ливияга карата макулдашуу абдан маанилүү. Россия Сирияда болгондой Ливияда өз ордун тапкан эместей көрүнүүдө. Бир тараптан АКШнын Россиянын Ливия кыймылынан барган сайын дагы көп тынчсызданганы да бир чындык. Ушул себептен Россиянын аскердик салмагын аянтта чагылдырбастан Ливиядагы чечүүчү жолдун негизи түзүлүш керек. Ушундайча Египет  - Сауд – Бириккен Араб Эмирликтери союздаштыгынын кыймыл жөндөмдүүлүгү эң азга түшүрүлүшү мүмкүн.

АКШнын Ливия теңдемесине түздөн түз кириши сөз болбосо да Жер Ортолук деңизде өлчөмдүү стратегиялары жактан Ливияны маанилүү көргөнү да  бир чындык. Ушул себептен Түркия АКШнын Россияга каршы позициясын колдонуу менен Ливияда бир тең салмактуулукту түзө алат.

Түркиянын Ливия стратегиясынын негизги бөлүгү Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн актерлук абалын күчтөндүрө турган реформа кадамдарынын ылдам ташталышы түзүп жатат. Ал үчүн Ливиядагы коопсуздук тармагы жана саясий өткөөл процесси үчүн маанилүү бир функцияны аткара турган саясий, коомдук жана социологиялык негиздин күчтөндүрүлүшү турмуштук жактан маанилүү.



Тектеш кабарлар