Түркиянын коопсуздук доктринасы

СЕТА тышкы саясаттар изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1426169
Түркиянын коопсуздук доктринасы

15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин президент Эрдогандын лидерлигинде улуттук коопсуздук тууралуу жаңы бир доктринаны жактырган Түркия коркунучтарды булагынан, Түркияга жеткирбестен жок кылууну максат кылып, чек аранын ары жагына операцияларды жүргүзүп, бир топ өлкө менен аскердик кызматташуу келишимин түзүп, базаларды куруп, аймагында чоң бир аскердик күч болду. Түркия коргоо өнөр жайына салган инвестициялар менен өз аскердик муктаждыктарын камсыз кылуу менен бирге маанилүү бир экспортчу абалына келди.

СЕТА тышкы саясаттар изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркиянын улуттук коопсуздук түшүнүгүндө жана аймак саясатында өзгөчө 15 -  июлдагы козголоң  кыймылынан кийин тектүү өзгөрүүлөр болду. Бул жерде козголоң кыймылы болгон процессте Түркиянын ПКК жана ДЕАШ террордук уюмдарынын бутасында болушу, Сирия теңдемеси менен бирдикте орун алып жана Түркия өзүнө карата коркутууларды түбүнөн жок кылууга карата жаңы бир коопсуздук доктринасын жактырды. Ушунун негизинде козголоң кыймылынан кийин Евфрат калканы операциясын баштап, Сириянын ичине Азезден Жараблуска түштүккө карай болсо Баб шаарын да камтый тургандай түрдө кенен бир аянт ДЕАШ жана ПККдан тазаланып коопсуз бир аймак түзүлдү.

Түркия ПКК террордук уюмунун Сирияда ДЕАШ менен күрөшүү көрүнүшүнүн астында АКШ менен бир террор мамлекетин куруу аракетинде болгонун көрдү жана буга тоскоол болууга карата түздөн түз кадам таштай баштады. Евфрат калканы операциясынан кийин «Зайтун бутагы» операциясы менен Африн, «Тынчтык булагы» операциясы менен  Тель Абяд жана Расулайн сыяктуу аймактар Сирияда террордон тазаланды. Бул операцияларга түрк куралдуу күчтөрү менен Түркиянын машыктыр  - камсыздадан өткөргөн сириялык оппозициячыл топтор да катышты. Түркия Идлиб аймагында «Жаз калканы» операциясын жүргүзүп, аймактагы адамзаттык кризисти токтотууга жана жаңы качкындар агымына тоскоол болууга аракет кылды. Түркия Ирактын түндүгүндө да чек аранын ары жагына операцияларды жүргүзүүнү улантууда. Чечкиндүүлүк операциясы менен ПКК террордук уюмунун аймактагы элементтери жок кылынууда. Түркия чалгындоо уюмунун арачылыгы менен ПККнын жогорку мартабалуу башкаруучу кадрларын Ирак  - Сирия огунда жок кылууда. Түркия Ирак  - Сирия огунда операцияларын улантып, бир тараптан да Ливияда Улуттук ынтымактык өкмөтү менен аскердик келишимдерди түзүп бул өлкөдө маанлүү бир аскердик күч болду. Катарда аскердик база курду. Сомалиде кайрадан бир мамлекет куруу ишин жүргүздү.

Түркия жаңы аскердик доктринасы менен   баш тарттыруучу аскердик күч болду, жергиликтүү коргонуу өнөр жайы менен өз курал системаларын чыгарып экспорттой алган күчкө айланды.



Тектеш кабарлар