"Көзүбүздө жаш калган жок"

Тоого качырылган  балдары үчүн Элдердин демократиялык партиясы ХДПтин  облустук башкаруучулук имаратынын алдында отурган Диярбакыр энелери 2 айдан бери балдары үчүн күзөттө турууну улантууда.

"Көзүбүздө жаш калган жок"

Тоого качырылган  балдары үчүн Элдердин демократиялык партиясы ХДПтин  облустук башкаруучулук имаратынын алдында отурган Диярбакыр энелери 2 айдан бери балдары үчүн күзөттө турууну улантууда.

Диярбакырда Хажире Акар аттуу эне уулу Мехмет Акардын тоого качырылышында ХДПтин арачы болгондугун айтып партиянын облустук имаратынын алдында 22 -  августта отуруу митингин баштаган.

Уулунун террор курмандыгынан куткаруу үчүн баштаган отуруу митингинен жыйынтык чыккан Акар чечкиндүү күрөшү менен 24 -  августта уулун тапты. Хажире эненин уулу үчүн күрөшү, ушундай кыйынчылыкты тарткан, баласына болгон сагынычы менен жашаган энелерге да үлгү болду.

Үй  - бүлө саны 55ке жогорулады

Акардын күрөшүн үлгү кылып алган Февзийе Четинкая, Ремзийе Аккоюн жана Айшегүл Бичер 3 -  сентябрда баштаган отуруу митингине кошулган үй  - бүлөлөрдүн саны 55е жетти. Партиянын облустук имаратынын алдында балдарынын келишин күткөн энелердин отуруу митинги колдоо зыяраттары менен улантылууда.

Ички иштер Сүдейман Сойлу, үй  - бүлө, эмгек жана социалдык тейлөө министри Зехра Зүмрүт Селчук, шейт үй  - бүлөлөрү, саясатчылар, журналисттер, жазуучулар, жарандык коом мекемелеринин өкүлдөрү жана коомдун бардык бөлүктөрүнөн жарандар үй  - бүлөлөр менен жолугушуп, колдоо көрсөтүштү.

Колдорунда балдарынын фотографиялары менен отуруу митингин улантып жаткан энелер сагынган балдарын күтүүнү улантышууда.

«Алар биздин өмүрүбүздү тобокелдикке салышты»

Стамбулдан 4 жыл мурда тоого качырылган уулу Мехмет үчүн Диярбакырга келип отуруу митингине катышкан эне Иммихан Нилифырка уулун көрүүнү каалагандыгын айтты.

Баласынын качырылышынан ХДПти жооптуу деген Нилифырка : «ХДП баламды качырды, билемин.  Баламды мага кайтарып беришсин. Андан кабар да ала алган жокпуз, телефон да келген жок. Үй  - бүлө катары өлүүбүз. Балабызды качырышты, өмүрүбүздү тобокелдикке салышты. Көзүбүздө жаш калган жок. Баламдан эмне каалашты? Уулумдун жердеги чөпкө да зыяны жок эле, мектепте ийгиликтүү окучу»,- деди. Нилифырка 2 айдан бери отуруу митингин улантышкандарын айтып, ХДПтен билдирүүнүн жасалышын күтүшкөндүгүн билдирди.

«Чыгып бизге да маалымат беришсин. Алар да күрт  болгон болсо келип биздин арабызда жашашсын.  Мен мындай күртчүлүктү каалабаймын. Мен да күртмүн. Балам менен саясат жүргүзүшпөсүн.  Уулумдун эркиндигин, келечегин колунан алышты»,- деген Нилифырка жашаган кыйынчылыктарын айтты. Нилифырка : «Митингибизди акырына чейин улантабыз»,- деди.

«Балабызды албастан бул жерден кетпейбиз»

Мындан 5 жыл мурда Стамбулдан 14 жашында тоого качырылган уулу Тунжай үчүн митингге катышкан 5 баланын энеси Фатма Бингөл баласын табууну каалагандыгын, абдан сагынгандыгын айтты.

Бингөл 5 жылдан бери баласын көрө электигин айтып : «Балдарыбызды алып келишсин. Ушунча эне бул жерде күтпөсүн, энелерге убал. Ушунча энени ыйлатууга, аларга кыйынчылык тарттырууга эч кимдин акысы жок. Баарыбыз кол кармашып, балдарыбызды албастан бул жерден кетпейбиз. Керек болсо өлтүрүшсүн. Өлүмдөн коркпойбуз»,- деди.

«ПККнын күрттөргө кылган бул зулумчулукту көрүшсүн»

2015 -  жылы 2 -  октябрда мекендик милдетин аткаруу үчүн уста бөлүгүнө бара жатканда Тунжелинин Пүлүмүр районунда террористтер тарабынан качырылган уулу Мүслүм үчүн митингге чыккан Сөнгүл Алтынташ баласынан 4 жылдан бери көрбөгөндүн айтты.

«60 күндөн бери бул жердебиз. 60 жыл да болсо бул жерде отурабыз. Балдарыбыз келгенге чейин бул жердебиз»,- деген Алтынташ балдары тоодо болгон ата  -  энелерди отуруу митингине катышууга чакырды.

Алтынташ буларды айтты : «Күрт энелер эми ойгонсун. Балдары көз алдыларында кетип жатат. Энелерди, аталарды, балдарды аяшпайт. Муну билүүлөрү керек. Биздин бир гана душманыбыз ПКК».

«Кызым келбестен бул жерден кетпейбиз»

Мындан 4 жыл мурда Агрыдан 17 жашында качырылган кызы Чигдем  үчүн митингге кошулган Ясин Кая кызын күтүп жаткандыгын айтты.

Митингге кошулган бардык ата  - энелер менен бирге жамгыр, кар дебестен кызын күтүүнү улантарын айткан Кая буларды белгиледи : «Бир маалымат берүүлөрүн күтүп жатабыз. Алар күрт экендерин айтышууда, күрт эмес. Негизги күрт бизбиз. Балдарыбызды тоого качырган ХДП. Бул жерге келип «ПКК жок болсун. Биз ПККга кошулбайбыз»,- деп айтышсын. Биз да кетебиз. Биз үчүн алар жооптуу».



Тектеш кабарлар