Осмон мамлекети жана Осмон тынчтыгы

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн макаласы.

1267481
Осмон мамлекети жана Осмон тынчтыгы

  Урматтуу угармандар, кээ бир маселелер бар анын туура экендиги маселени чечүүдө жетерлик болбойт. Осмон мамлекети калтырган мурас да ушундай темалардын бири. Осмондукка кандай каралары дайыма талаш  - тартыштуу тема болду. Акыркы болуп Ливандын мамлекет башчысы Мишель Аун Ливандын курулушунун 100 -  жылында француздардын колдоосу менен көз карандысыздыгына жетишкендигин айтып, Осмон мамлекетин мамлекеттик террор жүргүзүү менен айыптады. Буга окшогон айыптоолорго батыш литературасында жана кээ бир араб өлкөлөрүнүн сабак китептеринде да кээ кээде кездешүүгө болот.

600 жыл өкүмдүк кылган бир мамлекет жана жасагандары бир топ жактан сынга алынышы мүмкүн. Бирок империалист өлкөлөргө карата жасылышы мүмкүн болгон басып алуучулук, түрдүү күбөлүк жана маданияттарга кысым жасоо менен айыптоо Осмон мамлекети үчүн ачык жалаа болот. Түркияда белгилүү бөлүктөр тескерисинче Осмон мамлекети айырмачылыктарга карата ассимилияция саясатын жүргүзбөгөндүгү үчүн сынга алынууда. Алардын оюу боюнча мындай бир саясат жүргүзгөн болгондо Осмон мамлекети башкарган аймакта бүгүн дагы көп түрк жана мусулман болмок. Британия менен Франция тарабынан башкарылган коомдордун бүгүн дагы көп бул өлкөлөргө окшогондугун ойлогондо бул айтылгандар негизсиз болбойт. Бирок дароо белгилөө керек, Осмон мамлекетинин мындай саясат жүргүзбөшү аны империалист өлкөлөрдөн бөлүп турган элементтердин бири.

Pax Ottomana (Осмон тынчтыгы)

Осмон мамлекети көптөгөн жылдар өкүмдүк кылган аймактар бүгүн бир кан көлүнө айланган. Балкандарды, Жакынкы Чыгышты, Африканы көптөгөн жылдар тынчтык ичинде, көпчүлүк, түрдүү дин, маданият жана диндерге сый көрсөтүү менен башкарган. Осмон башкаруусу астында осмондук аймагындагы бардык элдердин өз тилдери, маданияттары жана диндери менен жашагандары жана осмондуктун чыгышынан кийин да айырмачылыктарын ошол бойдон уланта алышы. Осмон мамлекетинин оптимисттиги литературада Pax Ottomana (Осмон тынчтыгы) деп аталууда. Американын ачылышынан кийин Американын жергиликтүүлөрүнө кылынган мамиле, жергиликтүү калктын диндеринин, тилдеринин, маданияттарынын жок болушу, Британиянын Индия субконтинентинде 150 жыл гана болгонуна карабастан бул жерлерде курулган өлкөлөрдүн расмий тилдеринин англис тили болушу менен салыштырылганда Осмон мамлекетинин кылгандары жогору бааланат. Осмон мамлекети да айтылгандай батыштык көптөгөн империалист өлкө сыяктуу мамиле кылып, кысымчыл саясат жүргүзгөндө Ливандын мамлекет башчысынын атынын Мишель Аун болушу жана христиан боюнча калышы мүмкүн эмес эле. Өзү сыяктуу ливандык жана христиан болгон, көптөгөн баалуу чыгармалардын жазуучусу Амин Маалуфтун империалист өлкөлөрдү жана Осмон мамлекетинин аткаргандарын салыштырган бул сөздөрү өлкөсүнүн мамлекет башчысына берген жооп сыяктуу : «Эч бир дин оптимисттиктен чыккан эмес. Бирок бул эки «атаандаш» диндин бир баллансы боло турган болсо ислам жаман болбойт. Эгерде аталарым мусулман армиялары тарабынан басып алынган бир өлкөдө христиан болуунун ордуна христинадар тарабынан басып алынган бир өлкөдө мусулман болгондо алардын ишеничтерин коргоо менен он төрт кылым айыл жана шаарларда жашоону уланта алышарын болжолдой албайм. Чындыгында да Испаниядагы мусулмандарга эмне болду? Же Сицилиядагы мусулмандарга? Жок болушту, бир да киши калбай калганга чейин жок кылышты, сүргүнгө мажбурлашты же болбосо христандаштырылды».

Изрилдик тарых профессору, акыркы учурлардын популярдуу жазуучусу Ювал Ноах Хариринин «Хүррйет» гезитиндеги маегинде айткан сөздөрү да Пакс Оттомананы осмондук тынчтыгын, оптимисттигин так түрдө ортого салууда : «Ортоңку кылымдын Европасында толеранттуулуктан эч нерсе жок эле... 1600 -  жылы Парижде баары католик болгон. Бир протестант шаарга келгенде аны өлтүрүшчү. Лондондо баары протестант эле. Бир католик шаарга киргенде аны өлтүрүшкөн. Ал жылдарда Еврпада еврейлер сүрүлүшкөн. Эч ким мусулмандарды каалаган эмес... Бирок ошол эле мезгилде Стамбулда түрдүү секталардан мусулмандар, католиктер, армяндар, протестанттар, румдар, болгарлар жанаша жашаган».

Тарыхты каражатка айландыруу же осмондук аймактарын бөлүп жарууну улантуу

Осмон мамлекетине байланыштуу айыптоолорго жогорудагыдай же башка көптөгөн жоопторду берүүгө болот. Бирок маселе бул эмес. Маселе империализмдин «бөлүктөргө бөл, башкар» стратегиясы. Кылымдардан бери бөлүнүүнүн жолун тоскон жана тынчтыктын түзүлүшүндө негизги баалуулук болгон исламдын бүгүн ошондой баалуулук катары кабыл алынып же алынбай тургандыгы. Осмон мамлекетинин бөлүнүшүнөн кийин осмондук аймагындагы өлкөлөр Балкандар, Жакынкы Чыгыш, Африканы бөлүп жарууну улантуу кааланууда. Чакан дегээлде пайда болгон же түзүлгөн этникалык, диний, маданий, улуттук жаңы күбөлүктөр менен бул аймак дагы да бөлүнүүдө. Бул аймактагы кагылышуулардын жаңы чектерди сызуу операцияларынын  мааниси бул. Ушул  алкакта тарых империалист каражаттардын негизинде каражатка айландырылуу кааланып жатат. Мындай абалда тарыхты тарыхчыларга калтырып, каражатка айландырбайлы деп айтуунун жообу жок болуп жатат. Бардык нерсени каражатка айландырган империалист максаттардын тарыхты каражатка айландыруудан баш тартуусун ойлоого болобу?

Анда эмне кылуу керек?

Ушул себептен Осмон мамлекети калтырган мураска баа берүү өткөн күндө калды же өткөн күнгө байланыштуу бир баа берүү эмес. Бүгүнкү күнгө жана  келечекке байланыштуу бир позиция алуу. Осмондук жана республика интеллигенттеринин саясатчылардын негизги бир бөлүгү алган батышташуу вирусунан улам бул темада сынактан мыкты өткөндүгү айтыла албайт. Батышташуу менен өз коомунан, салттарынан, баалуулуктарынан алыстаган интеллигенттер менен саясатчылар батышта чыгарылган жана Осмон мамлекетин бөлүп жарган пикирлердин фигурасы болушкан. Бүгүн Осмон мамлекетинин территориясындагы башка өлкөлөрдүн батышташуу сүзгүчүнөн өткөн интеллигенттердин жана саясатчылардын Осмон мамлекетине жана өз территорияларына карата көз карашы да бул абалдан айырмаланбайт.

Бирок Балкандар, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы бүгүнкү абал өткөн күндөн башка эмес. Бул өлкөлөр дагы көп бөлүнүп жарылуу коркунучу менен бетме – бет келип турат. Өз коомунан, тарыхынан, салтынан алыс интеллигенттердин жана саясатчылардын өлкөлөрүн алып бара турган жер, коомдорунун дагы көп бөлүнүшүнөн башка бир жер эмес. Ушул себептен империалисттик максаттарды байкап,  өткөн күнгө жана бүгүнкү күнгө тарыхы, коому жана аймагы менен дал келген көз караш менен кароо керек.

Илимпоздор, интеллектуалдар, аалымдар, саясатчылар, ар бир аймактан акылдуу кишилер биргеликте тарыхтын каражатка айландырылышына, аймактын дагы көп бөлүнүшүнө каршы чыгышы керек. Саясий максаттар унутулуп бир гана көрсөтүлгөн терезеден карабоо керек. Аймак тышынан келген бөлүүчү эмес, дагы көп өз тарыхынан, салтынан, маданиятынан өзүнө алып келүүчү пикирлерге каалга ачуу керек. Антпесе аймак өлкөлөрү жана адамдары дагы көп бөлүнүү менен бири бирине душман болот жана функциясын жоготуп, дагы оңой империализмдин оюнчугу болот.

 



Тектеш кабарлар