“Дүйнө Айтматовду окуйт” аталышындагы акция башталды

Акция жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналат.

889264
“Дүйнө Айтматовду окуйт” аталышындагы акция башталды

“Дүйнө Айтматовду окуйт” аталышындагы акция башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Акция жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналат. 

Долбоордун максаты - Айтматовду даңазалоо, анын чыгармаларын окуу маданиятын калыптандыруу болуп жатат. Ага мектеп окуучулары, студенттер жана чет мамлекетте билим алгандар да катыша алат. 

Акциянын шарты боюнча катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан үзүндүнү видеого жаздырышы керек. Тасманын башында өзүн тааныштырып, мамлекет жана окуган шаарын айтышы керек. 

Даяр видеону социалдык тармактарга #Aitmatov#educationkg хештеги менен жарыялоо зарыл, видеонун узактыгы 2 мүнөттөн ашпашы шарт.

КТРК



Тектеш кабарлар