Бишкектеги жаңы жылдык кооздоолор жыйнала баштайт

Ордо калаадагы жаңы жылдык кооздуктар 14-январдан тарта жыйнала баштайт.

883363
Бишкектеги жаңы жылдык кооздоолор жыйнала баштайт

Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Болжол менен ошол күндөрү негизги балаты дагы алынат. Башкы балатыны, Ала-Тоо аянтын жана шаардын көчөлөрүн кооздоого жалпысынан 15 миллион 580 сом сарпталган. 

Анын ичинде борбордук аянтты көркүнө чыгаруу үчүн 2 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Ал акчага жети балаты, үйдүн формасындагы эки декоративдик конструкция, 12 торшер, "2018" деген диоддук жарыгы бар конструкция алынган.

КТРК


Этикеткалар: #Бишкек , #Ала-Тоо

Тектеш кабарлар